Өлкөдө коронавирус дагы 14 бейтаптын өмүрүн алды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдын 31-июлдагы маалыматына ылайык, акыркы суткада коронавирустан 14 киши каза болду.

COVID-19дан көз жумгандардын төртөө Ысык-Көл облусунда катталды. Ошондой эле, өткөн суткада Чүй облусунда үч, Бишкек шаарында жана Ош облусунда экиден, Ош шаарында, Нарын жана Баткен облустарында бирден өлүм катталды.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1 378 бейтап көз жумду — бул статистикага COVID-19 жуктуруп жана ал пайда кылган пневмонияга чалдыгып каза болгон бейтаптар кирген.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 35 805 адамдан аныкталды — алардын 25 526сы илдеттен айыкты.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.