Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы бейтаптардын жоктугунан улам борбор калаадагы күндүзгү эки стацоинар убактылуу ишин токтотконун билдирди.
«Чыгымдарды оптимизациялоо жана адам ресурстарын күз-кыш мезгилине сактоо үчүн эң аз кайрылуу түшкөн айрым стационарлар концервацияланат. “Сейтек” мектебинин базасында иштеген күндүзгү дарылоо жайы жана “Салтанат” ресторанындагы (Октябрь району) түнкү стационар жабылды. “Жал” кичирайонундагы №95 мектептеги стационар 3-августта жабылат», — деп мэриядан түшүндүрүштү.
Мэриянын маалыматы боюнча, 1-августта күндүзгү стационарларга 1 176 жаран келген, ал эми 2-августка караган түнү жалпысынан 192 адам кайрылган. Мэрия жардам сурап кайрылгандардын саны кыйла кыскарганын маалымдап, калган стационарлар кадимки тартипте иштей берерин кошумчалады.
Мындан тышкары, Саламаттык сактоо министрлиги 3-августка карата Бишкектин стационарларында 1 316 бош орун бар экенин маалымдады.
Министрликтин маалыматына ылайык, акыркы суткада COVID-19 жана пневмония менен ооруган 410 адам катталды, алардын ичинен 94ү Бишкекте.
Пандемия башталгандан бери жалпысынан коронавируска жана пневмонияга 37 миңден ашуун бейтап чалдыккан. Илдеттен 1 409 адам каза болду.
Стационарлардын тизмеси:
- «Семетей» (Ганси) – 360 орун;
- Кыргыз илим-изилдөө курортология институту (Таш-Дөбө айылы) – 222 орун;
- Улуттук госпиталь – 207 орун;
- №1 интернат – 113 орун;
- Республикалык наркология борбору – 94 орун;
- №1 шаардык клиникалык оорукана – 62 орун;
- Азиз жана көрүүсү начар балдар интернаты – 52 орун;
- «Ынтымак» медресеси – 50 орун;
- Суворов окуу жайы – 48 орун;
- Улуттук фтизиатрия борбору – 38 орун;
- «Rixon» отели – 25 орун;
- Улуттук хирургия борбору – 22 орун;
- Улуттук кардиология жана терапия борбору – 22 орун;
- КММА – 21 орун;
- Темир жол ооруканасы – 14 орун.