Коронавирус жуктуруп алган дагы 11 адам кайтыш болду

Иллюстративдик сүрөт

Өткөн суткада коронавирус жуккан дагы 11 киши каза болду. Бул тууралуу 3-августтагы брифингде Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында төрт жана Жалал-Абад облусунда үч, Ош шаарында, Чүй, Нарын жана Баткен облустарында бирден бейтап кайтыш болду.

Жалпысынан коронавирус пандемиясы башталгандан тарта Кыргызстанда 1 420 бейтап көз жумду — бул жалпы оорулуулардын 3,8 пайызы.

Кыргызстанда коронавирус жалпы 37 129 адамга жукту. Илдеттен 27 927 адам айыгып, 7 790 бейтап ооруканаларда калууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.