Президент Сооронбай Жээнбеков

Президент Сооронбай Жээнбеков «Биринчи радиого» берген кезектеги маегинде быйыл аба ырайы салкын болгондуктан мөңгүлөр жай ээрип, келе турчу суулар дагы тартылганын билдирди. Ал ошондой эле, суунун тартыштыгы бир гана Кыргызстан үчүн эмес жалпы регионго мүнөздүү экенин айтты. Бирок энергетика жаатындагы эксперт Расул Умбеталиев бийликтегилердин мындай божомолу менен макул эмес.

Жээнбеков Токтогул суу сактагычына быйыл 17 миллиард кубометр суу топтолот деген божомолун айтты. Бирок 1-августка карата болгону 14 млрд 028 млн кубометр гана суу топтолду. Болжонгон планга жетүү үчүн дагы 3 млрд кубометр суу керек. Ал эми былтыр ушул маалда 16 млрд 490 млн кубометр суу болгон.

«Былтыр тоолордо кар орто деңгээлде эле болду. Бирок, тилекке каршы, “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы суу сактагычтарга дагы — эл аралык маанидеги суу сактагычтар: Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына суу азыраак келип калды», — деди президент.

Жээнбеков суу негизинен июнь менен июль айларында келерин билдирген. Ошентсе да, август менен сентябрда күн ысык болуп, мөңгүлөр эрип, керектүү суу топтолот деген үмүтү бар экенин айтты.

Анткен менен Кыргызгидромет июль айына берген божомолунда бул ай климаттык нормадан 1 градуска ысык болмок. Башкача айтканда суу дал ушул айда эң көп топтолушу керек болчу. Июлда Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 20…25 градус, күндүз 30…35 градустан 36…40 градус ысыкка чейин өзгөрүлүп турмак. Тоо этектериндеги райондордо күндүз 23…28 градустан 30…35 градуска чейин ысымак. Ал эми жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормадан төмөн (9-29 мм), тоо этектеринде нормага жакын (23-71 мм) болорун болжогон.

Бирок Кыргызгидрометтин август айына берген божомолунда Кыргызстандын жети облусунда тең аба ырайы климаттык нормада болот. Башкача айтканда президент үмүт кылып жаткандай мөңгүлөр көп эриши күмөн.

Кыргызгидрометтин маалымдашынча, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында августтун биринчи жарымында абанын температурасы күндүз 26…31 градус ысыктан 32…37 градуска дейре көтөрүлөт. Айдын экинчи жарымында күндүз температуранын эң жогорку чеги 30…35 градуска дейре жетет. Жаан-чачындын айлык көлөмү 4-11 мм болуп нормага жакын болот, тоо этектериндеги райондордо 8-32 мм болору күтүлөт.

Быйыл 17 млрд кубометр суу топтолушу мүмкүнбү?

Токтогул суу сактагычында 2019-жылы 1-августка карата 16 млрд 490 млн кубометр суу топтолгон. Ал эми 1-сентябрда 16 млрд 997 млн кубометрге көбөйгөн. 1-октябрда болсо 17 млрд 215 млн куб болгон. 1-ноябрга 17 млрд 034 млн кубометр суу калган.

2020-жылы болсо 1-августка карата болгону 14 028 94 кубометр суу топтолду. Башкача айтканда былтыркы жылга салыштырмалуу дээрлик 2,5 млрд кубометрге аз. Эгер былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырсак 17 млрд кубометр суунун топтолушу күмөн туудурат.

Электр энергияны сырттан алуу жагы каралат

Жээнбеков радиого берген маегинде эгер керектүү суунун көлөмү топтолбосо сырттан электр энергиясын сатып алуу жагы караларын белгиледи.

«Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот. Эсептөөлөрдү жүргүзүп жатабыз», — деди мамлекет башчысы.

Анткен менен «Таза Кол» фондусунун башчысы Расул Умбеталиев «Азаттык» радиосуна суу Өзбекстан менен Казакстанга коё берилгендиктен нормадан кем болуп жатканын айткан. Мындан улам Кыргызстан кайра эле коңшу өлкөлөрдөн электр энергиясын кымбат баада сатып алууга мажбур болот деп эсептейт.

«Сууну эмнеге коё беришти? [...] «Улуттук энергохолдинг» сырттан 2021-жылдын жаз айларына чейин бир млрд кВт/саат электр энергияны, бир кВт/саатын 2,4 центтен, сомго айлантканда эки сомдон сатып алабыз деп жатат. Бул чек арадагы баасы, ал эми ташып келиши жана бөлүштүрүүсү менен үч сомдон сатып алабыз. Өзүбүз болсо жайда сууну агызып, аларга ит бекер экспорттодук. Бул мамлекетке жасалган чыккынчылык, өз өлкөсүнө жасалган экономикалык диверсия», — деген ал.

Умбеталиев андыктан быйыл кышында электр жарыгы маал-маалы менен өчүрүлүшү ыктымалдыгын дагы кошумчалаган.