Кадамжайдагы Исфайрам дарыясы Өзбекстанга өтпөйт — Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгү

Соцтармактарда 3-август күнү Баткен облусунун Кадамжай районундагы Исфайрам дарыясынын Лаган каналынын аркы бетинде Өзбекстан атайын техника иш жүргүзүп жатканын чагылдырган тасма тарады.

Анда аталган райондун тургуну курулуштун жыйынтыгында дарыя коңшу мамлекетке толугу менен өтүп кетиши мүмкүн экенин айткан.

«Канал расмий түрдө Кыргызстанга караштуу. Бул суу барып, ошол Көк-Талаа, Марказ айыл өкмөтүндөгү 10 миң гектардай жерди суугарат, эл ушул каналдан суу ичет. Азыр нары жакта Өзбекстан тарапка чоң канал түшүп атат экен. Булардын максаты каналды ушул жерден Өзбекстанга буруп кетиш», — деген ал.

Ошондой эле ал сууну Өзбекстан буруп кетсе кыргыз айылдары суусуз белгилеп, бийликтегилерден маселеге көңүл буруусун суранган.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы Өзбекстан аталган аймакта арыктарын кумдардан тазалап жатканын, бул иштер алдын ала эки тарап менен макулдашылганын билдирди.

«Ал аймакта мамлекеттик чек ара такталган, делимитация жумуштары аяктаган. Чек ара сызыгы Лаган каналы аркылуу өтүп, андан ары канал Кыргызстандын аймагы менен 15,6 км жүрүп, кайрадан Көк-Талаа айылынан Өзбекстандын аймагына кирет. Өзбекстан тарап боло турчу жумуш тууралуу чек ара кызматына 24-июлда маалымадаган», — деп жазылат билдирүүдө.

Ошондой эле, пресс-релизде каналды тазалоо жумуштары жыл сайын эки тараптын макулдашуусу менен жасалып тураары, жана окуяны социалдык тармактарга жарыялаган жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат.