Мурдагы бозгун президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы «Бир Бол» партиясында иштеп жатканы социалдык тармактын колдонуучулары арасында талкуу жаратты.

Айрымдары партияны Бакиевдер каржылап жатабы деп суроо салса, кээси Сымбатты билимдүү, ишин билген адис катары сыпатташууда.

Алгач Сымбат Маратбек Марат Бакиевдин кызы экенин Twitter соцтармагында 1-августта жазып чыгышкан. Анда Сымбат Маратбек «Бир Бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун каржы иштери боюнча жардамчысы экени жазылган. 

«Политклиника» басылмасы чакан иликтөөсүндө Сымбаттын чындап эле Марат Бакиевдин кызы экенин жана аталган партияда иштерин аныктаган.

«Балдары ата-энеси үчүн жооп бербеши керек»

Ал эми Алтынбек Сулайманов «Азаттык» радиосуна берген маегинде Сымбат Маратбек мурдагы президент Курманбек Бакиевдин иниси Марат Бакиевдин кызы экенин ырастаган. Андан сырткары ал партиядан депутаттыкка талапкер эместигин жана партияда жетекчилик кызматтарда иштебей турганын айтып ишендирген. Ошондой эле, ккимдир бирөөлөр алардын партиясына карата кара пиар жасап жатканын белгилеген.

«Ал партиянын катарындагы билимдүү, сырттан окуп келген, коомдо өз ордун тапкан жүздөгөн-миңдеген жаштардын катарын толуктайт. Мына ушул нерсени ар түрдүү каршылаштарбы, же башка адамдарбы иши кылып тескери өңүттө берип, «кара пиар» жүргүзүп жатат. Ар бирибизде бала бар. Балдары ата-энеси үчүн жооп бербеши керек», — деген ал.

Сулайманов андан сырткары Сымбат Маратбек 2010-жылдары мектепте окугандыктан ошол маалдагы саясий система менен мыйзам бузууга тиешеси болгон эмес деген ойдо экенин маалымдаган.

Жарандык активист, «Бир Бол» партиясынын жаңы мүчөсү Руслан Акматбек Бакиев менен чогуу иштеп, жакын мамиледе болгондор деле азыркыга чейин өлкөнү жетектеп жатышканын белгиледи.

«Ал аппаратта технократ катары эле кеңседеги иштер менен алектенет экен. Бирок бул адамдын моралдык жоопкерчилиги барбы деген маселе абдан маанилүү. Эгер ага келе турган болсок, Бакиев менен чогуу иштеп, жакын мамиледе болгондор деле азыркы чейин өлкөнүн жетекчилери болуп турушпайбы. Өзү кеткен менен командасы калбадыбы. Ушул нерсеге көңүл буруш керек», — деген ал.

«Политклиника» басылмасына партиянын маалымат катчысы Ильич Кулназаров Сымбат Маратбек офис менеджер болуп иштерин жана бул кызматка маектешүү аркылуу тандалып алынганын билдирген.

«Бир Бол» партиясы Сымбат Маратбек тууралуу расмий билдирүү таратканга аргасыз болду. Ага ылайык, Сымбат Германиядагы Лейпциг университетинен билим алган. Андан сырткары эл аралык экономика, бизнести башкаруу жана энергетика боюнча магистрдик диссертациясын жактаган. Москва мамлекеттик университетинин эл аралык мамилелер институтун эл аралык мамилелер боюнча бакалавр даражасын бүткөн.

Ошондой эле, пресс-релизде ал бир катар эл аралык премияларга татып, ошол эле маалда ар кандай изилдөөлөр менен алектенет, беш чет тил билет деп жазылган. Бирок так кайсы премияларга ээ болгону жана кандай изилдөөлөрдү жүргүзөөрү көрсөтүлгөн эмес.

Сымбат Маратбек тууралуу дээрлик маалымат жок. Анын Фейсбук баракчасы делген баракта болгону жети сүрөт киргизилген. Алардын эң жаңысы быйыл 4-апрелде жүктөлгөн асманда учуп бараткан куштун сүрөтү. Андан сырткары быйыл 24-январда АКШдагы Вашингтон мемориалынын жанында тартылган өзүнүн сүрөтүн киргизген.

Pinterest сүрөт-хостинг порталында Сымбат Маратбек аттуу колдонуучуга таандык баракча бар. Ал жакта дүкөндөрдүн тышкы көрүнүшү, өзгөчө кофеканалар менен китепканалардын сүрөттөрүн көрүүгө болот.

Марат Бакиев деген ким?

Агасы Курманбек Бакиев өлкө башчысы болуп турганда Марат Бакиев 2005-2010-жылдары Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп иштеген. Анын туугандарына Кыргызстанда бир нече кылмыш иштери козголгон. Жогорку сот Курманбек Бакиевди сыртынан 30 жылга, мамлекеттик коргоо кызматынан мурдагы башчысы, иниси Жаныш Бакиевди өмүр бою эркинен ажыраткан. Андан сырткары Курманбек Бакиевдин башка туугандары менен санаалаштарына иш козголгон.

Бакиевдер 2010-жылы 90дой адамдын өмүрүн алган апрель революциясынан кийин Кыргызстандан чыгып кетишкен. Учурда Курманбек Бакиев Белоруста жашаса, калган туугандары Орусия, Улуу Британия жана Казакстанда жашары айтылат.