Ооруканаларды оңдоо, айыл жергесине таза суу. Жээнбековдун Ысык-Көлгө болгон иш сапары

Президент Сооронбай Жээнбеков 3-4-августта эки күндүк иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Учурда бул аймакта коронавирус инфекциясынын күч алып жатканы байкалууда. 21-июлга карата облуста инфекция жуктуруунун 1 476 учуру катталса, 4-августта бул сан 2 914кө жеткен.

Мамлекет башчысы Каракол менен Чолпон-Ата шаарларына жана Ак-Суу районуна барды. Ал бул аймактарда эмне кылганын жана эмнелерди убадалаганын айтып беребиз.

Медиктер үчүн коргонуу каражаттарын өндүрүү

Президент 3-августта Ак-Суу районундагы «Айко Сейко» текстиль мекемесине барды. Аталган мекеме медиктер үчүн жеке коргоо каражаттарын чыгара баштаган жана алар өлкөнүн башка аймактарына дагы жеткирилип турат.

Ишкананын жетекчиси Кубан Жусуевдин айтымында, мекеме ар кандай уюмдар үчүн атайын кийимдерди тигет, ошондой эле, өлкөнүн күч түзүмдөрү үчүн кийим өндүрөт.

«“Айко Сейко” аталышы жапон тилинен которгондо, ийгиликке, тактыкка умтулуу дегенди түшүндүрөт. Жапон компаниялары менен ишкердик жаатында байланыштарыбыз бар. Биздин ураан: кыргызстандыктарды ата мекендик өндүрүштөгү кийимдер менен камсыздайбыз», — деди Жусуев.

Ал ошондой эле, өндүрүш үчүн керек болгон сырттан келүүчү компоненттердин чек арада кармалышы боюнча көйгөйлөр тууралуу, анын натыйжасында келишимдердин мөөнөтү үзгүлтүккө учурап, өнөктөштөр менен мамиле бузулуп жатканын маалымдады. Анын айтуусу боюнча, фабрикага 120 кишини орноштурса болот, бирок коронавирустан улам азыр 60 жумушчу иштейт.

Сооронбай Жээнбеков «Айко Сейко» өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу ишмердигин өзгөрткөнүн жактырып, маморгандарга мындан ары да ишканага көмөктөшүүнү тапшырды.

Ысык-Көл облусундагы медицина

Президент Ысык-Көл облусундагы медицина объектилерине барды. Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириктирилген ооруканасынын имаратын көрүп чыккандан кийин Жээнбеков өкмөткө аны кышка чейин капиталдык ремонттон өткөрүлө турган объектилердин тизмесине киргизүүнү тапшырды.

Бул ооруканада COVID-19 жана ооруканадан тышкаркы пневмония менен ооруган бейтаптарды дарылоо үчүн 245 орун бар. Ал эми оорукананын эки имараты реконструкцияга муктаж. Ремонттон кийин бул имараттарда дагы 175 орун уюштурса болот. Аларды ишке ашыруу үчүн 20 млн сомдой керектелет.

Мындан тышкары, Жээнбеков Караколдогу (50 орундуу) жана Ак-Суу районунун Теплоключенко айылындагы (28 орундуу) күндүзгү стационарларга барды. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Караколдогу стационарга күн сайын 400гө чейин адам кайрылып турат, ал эми Теплоключенкодогу стационарда миңден ашуун адамга жардам көрсөтүлгөн.

Президент медкызматкерлерге «өлкө үчүн кыйын болуп турган мезгилде алардын талыкпаган эмгеги үчүн» ыраазычылыгын билдирип, алардын социалдык коргоо боюнча бардык маселелери көзөмөлдө экенине ишендирди. Анын айтымында, жакын арада бардык аймактарда комплекстүү ооруканалардын курулуш иштери башталат.

Мамлекет башчы Ак-Суу районундагы Үй-бүлөлүк медицина борборуна да кайрылды. Борбор райондогу 60 миңден ашуун тургундун барын тейлейт.

Ак-Булак айылындагы таза суу

Жээнбеков Ак-Булак айылындагы суу менен камсыз кылуу иштери менен таанышты. Бул долбоор 2 миңден ашуун айыл тургунун суу менен камсыз кылышы керек. Учурда курулуш иштеринин 59%ы аяктап, 3700 метр суу түтүктөрү жана бир трансформатор орнотулган.

Айыл тургундары президент менен болгон баарлашууда көп учурда алыскы айылдарда болуп келгендей, курулуш токтоп калбаса экен деген кабатырланууларын билдиришти.

«Коронавирус пандемиясынын кесепетинен өлкө туш болгон экономикалык кыйынчылыктар калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлорду ишке ашырууга таасирин тийгизбейт», — деп билдирди Жээнбеков.

Анын айтымында, таза суусуз жарандардын саламаттыгын сактап, аймактардагы туризмди өнүктүрүү мүмкүн эмес. Бул программаны ишке ашырууга бюджеттик каражаттар жана сырттан алынган гранттар сарпталат.

«Президенттик мөөнөтүмдүн акырына чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо ниетим бар», — деди президент.

Жолдордун курулушу

Жээнбеков Ысык-Көл облусундагы ички жолдордун курулуш жана оңдоп-түзөө иштери кандай жүрүп жатканы менен таанышты.

Каракол шаарында 1970-жылдан бери оңдоло элек Жусуп Абдрахманов көчөсү оңдолуп-түзөлүүдө. Жалпы наркы 74 млн сом болгон бул жолдун ремонту 1-ноябрга карата аякташы керек. Теплоключенко айылынын үч көчөсүнө асфальт төшөлүүдө, план боюнча иштер 25-августка дейре аяктайт. Бул максатка 15 млн сом бөлүнгөн.

«Өткөн жылдары ички жолдордун көйгөйүнө аз көңүл бурулган, жергиликтүү тургундар жолдордун абалынын начардыгы боюнча арызданып келишкен, айрым аймактарда жолдор талкаланып калган. Азыр ички жолдорду куруу жана оңдоо өзгөчө көзөмөлдө турат», — деп билдирди Жээнбеков жергиликтүү кеңештин депутаттары менен жолукканда.

Аймактын айыл чарба ишканалары

Президент иш сапарынын жүрүшүндө Ысык-Көл облусундагы эң ири ишканалардын бири болгон Караколдогу сүттү кайра иштетүүчү «Ак-Булак плюс» заводуна барды.

«Аймактарды өнүктүрүү боюнча саясат аймактарда жумуш орундарын түзүүгө багытталган, биринчи кезекте ички жана тышкы миграция көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берип жатат», — деп белгиледи Жээнбеков ишкананын жамааты менен сүйлөшүү учурунда.

Ал коронавирус пандемиясына карабастан реалдуу секторду, чакан жана орто ишкерликтерди колдоону унутта калтырбаганын билдирди.

Мындан тышкары, өлкө башчысы «Заря» үрөнчүлүк айыл чарба кооперативинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал 2014-жылы «Кыргызстандагы алдыңкы салык төлөөчүсү» деп таанылып, өлкөнүн бюджетине салым кошкондугу үчүн атайын белги менен сыйланган. Бул жерде кой, уй, топоз жана жылкы багылат.

«Айыл чарбасын өнүктүрүүгө, айыл жериндеги ишкерлерди колдоого мындан ары дагы олуттуу көңүл бөлүнөт», — деди президент.