Ноокат: Тургундар Бел-Алмадан көмүр ташыган унаалар айыл жолун бузуп жатканына даттанышты

Нараазы болуп чогулган тургундар. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ноокат районунун Көк-Бел айылынын тургундары Бел-Алма кенинен көмүр ташыган оор жүк ташуучу унаалар айыл жолун бузуп жатышканын айтып митингге чыгышты. Маселени чечүү талабы менен райондук администрациянын алдына 4-августта 30дай киши чогулду.

«Турмуш» басылмасы жүктөгөн видеодо тургундар көйгөй эки жылдан бери чечилбей жатканын, жолго пост коюлса да оор жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз көмүр ташыганын айтышкан.

«Биз эки жылдан бери акимге, айыл өкмөт башчысына кайрылып жатабыз. Жолубузга Насирдин Исановдун 70 жылдыгына карата [жети жыл мурда] асфальт төшөлгөн. Күнүнө 30-40 жүк ташуучу унаа көмүр жүктөп өтүп, жолду бузуп жатат», — деп түшүндүргөн чогулгандардын бири Өмар Балтабаев.

Ошондой эле ал «Хово» унаалар үчүн айылдын четинен жол бөлүнгөнүнө карабай алар түн ичинде өтүп жатканын кошумчалаган.

Дагы бир тургун жергиликтүү бийлик көңүл кош мамиле кылып жатканына токтолгон.

«Адамды тоготпой калышты. Бул азыр менин үчүнчү жолу келишим ушул жерге. Болуптур дейт, биз каттап атабыз жолуңар таза дейт. Барып көрсүн болбосо. Азыр деле барсын, жолдор оюлуп кеткен. Ал жүк ташуучу унаалар кимге таандык экенин билбейбиз, чоңдордуку да эми», — деген ал.

Тургундар менен сүйлөшүү үчүн райондун акиминин орун басары Замирбек Жапаров чыккан. Жашоочулардын бири унааларды Көк-Бел айылынын башчысы өзүнүн унаасы менен коштоп өтүп жатканын билдирген.

«Бир айдан кийин эле айыл башчы соцобъектилерди көмүр менен камсыздап, кышка даярдануу үчүн бирөөнө уруксат алып бердик деди. Көк-Бел айылынын башчысы Алтын Сейдалиев. Анан кийин ал оор жүк ташуучу унааларды өзүнүн унаасы менен коштоп кетип жатканын балдар сүрөткө тартып жиберишти», — деген айылдын тургуну.

Ноокат райондук администрациясынын алдына келген тургундар. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Жергиликтүү бийлик тургундардын маалыматын четке какты

Ал эми акимдин орун басары Замирбек Жапаров «Клоопко» айыл башычынын көмүр ташыган транспорттун өтүшүн камсыздап жатканы боюнча азырынча факт жок экенин айтты. Ошондой эле ал оор жүк ташыган унаалар жолду бузуп жатат деген маалыматты төгүндөдү.

«Негизи ал мамлекеттин жолу болгондуктан тоскон да мыйзам боюнча туура эмес. Бирок тургундардыкы дагы туура, эми жол ошолордуку да, ошолор пайдаланат. Июнь айынын башында көзөмөлгө алып, пост коюп унаалардын өтүүсүн токтоткон элек, бир-эки унаа түнү менен өтүп кетиптир да, анан дагы козголуп келишиптир […] Алар [жүк ташуучулар] жолду бузбай эле. Абалы жакшы эле, бирок жаан-чачындан улам азыраак оюлган жерлери бар», — деди ал.

Анын айтымында, жолдон Бел-Алма кенинен көмүр ташыган унаалар гана өтүп жүргөн. Тургундардын нараазычылыгынан улам аларга айылдын четинен атайын жол бөлүп берилген. Бирок ал жол алыс болуп жатканын кошумчалады.

Ошондой эле Жапаров жүк ташуучулар көрсөтүлгөн норманы сактабагандыктан бир нече жолу айыппул да төлөшкөнүн айтты.

«Мисалы айдоочулар 10 тонналык жүктүн ордуна 15-20 тонна жүк жүктөшкөн. Андай кылбагыла десек, “болуптур” дешкен дагы кайра эле нормадан көп ташый беришкен. Көмүр кенинин жетекчисин чакырып, ага да айтып түшүндүрмө берилген эле. Бирок жүк ташуучулар жеке менчик айдоочулар, көмүр кенине карабайт», — деп түшүндүрдү Жапаров.

Ал эми Ош ОИИБинен тургундар милицияга арыз менен кайрылышпаганын, бирок жергиликтүү бийликтин чечимине карай иш жүргүзүлөөрүн билдиришти.

«Кечээ тургундар акимияттын алдына арызданып кайрылышкан. Учурда жергиликтүү бийликтин чечимин күтүп жатабыз», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Чырдуу Бел-Алма көмүр кени

Иллюстративдик сүрөт

Жапаров аталган көмүр кенин «Беш-Арча» компаниясы иштетээрин айтты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин сайтында аталган компания Бел-Алма кенинде чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн 2015-жылдан 2020-жылга чейин лицензия алган.

Алгач компания 1071.22 га жерди өздөштүрүүгө укук алган. Эки жылдан кийин 2036-жылга чейин 122 га жерде күрөң көмүр казууга лицензия берилген. Ошол эле маалда 2020-жылы ушул эле кендеги таш көмүрдү да казууга 2039-жылга чеийн уруксат алынагн.

Ал эми анын жетекчиси катары көрсөтүлгөн Абдыканат Баялинов маселе боюнча телефон чалууларыбызга жооп берген жок.

Аталган көмүр кенинин айланасында мындан беш жыл мурда да ызы-чуулар жаралган. Анда Кадамжайдын Майдан айылынын тургундары эки жаатка бөлүнүп, ортодо талаш чыккан. Айрымдары кенди «Беш-Арча» ЖЧКсы иштетүүсүн кубатташса, кээ бирлери каршы чыгышкан. Нааразы болгон тарап кен мыйзамсыз казылып жатат деген пикирди карманган.

Зилалиев, Акаев жана Атамбаев

Бел-Алма кени 2015-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин тушунда аукционго коюулуп сатылган. Ага чейин кен мыйзамсыз казылып жатканын УКМК аныктап, «Жаңы-Доор» компаниясына карата иш козгогон. Тергөөнүн жүрүшүндө 6 миң тонна көмүр ташылып кеткени ачыкталган.

Зилалиев аукцион өткөндөн кийин «Беш-Арча» бюджетке бир миллион доллардан ашуун каражат төккөнүн айтып чыккан. Ал «тарыхта мындай болгон» эмес деп белгилеген.

Аталган кендин айланасындагы ызы-чуу парламентте да талкууланган. Депутат Жанар Акаев «Беш-Арчанын» жана анын мыйзамсыз иш-аракеттеринин артында коомчулукта Оштун «көмүскө кожоюну» катары таанымал, Ош аэропортунун милиция башчысы Жалил Атамбаев турарын билдирген. Ошондой эле Зилалиев «Беш-Арчанын» адвокаты болуп алды деген оюн айткан.

Бел-Алма боюнча ишти Каржы полициясы бир нече жолу текшерүүгө алган. Бирок ал иштер сотко жетип-жетпегени белгисиз.

«Азаттык» радиосунун маалыматына ылайык, Бел-Алмада 70 миллион тоннадай көмүр бар.

Зилалиевдин кылмыш иши

Дүйшөнбек Зилалиев

Зилалиевге каршы эки кылмыш иши козголгон. Биринчи иш боюнча ал президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы өтүп жаткан күнү бомба тууралуу жалган маалымат билдирген үчүн үч жылга шартуу мөөнөткө кесилген. Январь айынын ортосунда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциядагы соттун өкүмүн күчүндө калтырган.

Экинчи кылмыш иши боюнча мурдагы вице-премьер-министр мыйзамсыз байыган делип айыпталууда. Атайын кызмат Зилалиевдин реалдуу кирешеси декларацияга киргизилгенден да он эсе көп деп эсептейт. Аткаминерден батирлер, кеңсе жайлары, жер тилкелери, үйлөр жана кымбат баалуу жасалгалар табылган.

2018-жылы октябрда ал үч жылга шарттуу мөөнөткө кесилген. Ал эми декабрда кайрадан кармалып, «мыйзамсыз байыган» делип айыпталган.

Зилалиев өзү коррупция боюнча айытоолорду төгүндөп, табылган акчалары менен мүлктөр ага тиешелүү эместигин айтып келет.