Өзгөндөгү жол кырсыгынан 4 киши кайтыш болду

Окуя болгон жер. Сүрөт: «Турмуш» басылмасы

Ош облусунун Ош — Өзгөн автожолунда 5-августта катталган жол кырсыгынан 4 киши каза болуп, дагы бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Бул тууралуу Ош ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, «ВАЗ 2107» үлгүсүндөгү жеңил унаада Ош шаарынын 17, 18, 19 жаштагы тургундары жана 20 жаштагы эки киши Өзгөндөн Ош шаарына карай багыт алышкан.

18 жаштагы айдоочу унааны башкара албай жолдун капталында токтотулган «SCANIA» жүк ташуучу унаасын сүзүп алган.

«Анын кесепетинен айдоочу жана 19 жаштагы жүргүнчү жеринде көз жумган. Ал эми 20 жаштагы эки киши Ош облустар аралык ооруканасында алган жараатынан улам каза болушкан. 17 жашар жүргүнчү учурда жандандыруу бөлүмүндө», — деп билдирди мекеменин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев.

Ал эми оор жүк ташуучу унаада эч ким болгон эмес — унаа бузулуп калгандыктан жол четинде токтоп турган.

Окуя Кара-Суу РИИБдин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык жана техникалык экспертиза дайындалган. Учурда тергөө иштери уланууда.