COVID-19дан дагы 665 бейтап айыкты

Сүрөт: Саламаттык сактоо министрлиги

Республикалык штаб 7-августта коронавирустан 665 бейтап айыкканын кабарлады. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда катталды — 142 жана 91.

Ошондой эле, илдеттен Жалал-Абад облусунда — 89, Ош облусунда — 84, Ош шаарында — 83 Баткен облусунда — 66, Чүй облусунда — 51, Талас облусунда — 40 жана Нарын облусунда — 19 бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Илдеттен айыккандардын арасында 52 медкызматкер бар — алардын 47си үй карантинде дарыланышкан.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 30 764 бейтап айыкты — алардын ичинде 2 025 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 39 162ге жетти. Илдет 1 451 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.