COVID-19 дагы 425 адамда аныкталды. Инфекцияга кабылгандардын жалпы саны 39 587ге жетти

Республикалык штабдын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде коронавирус жана ооруканадан тышкаркы пневмония 425 адамда тастыкталды.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

  • Бишкек – 124;
  • Жалал-Абад облусу – 78;
  • Ош облусу – 47;
  • Баткен облусу – 45;
  • Ысык-Көл облусу – 41;
  • Чүй облусу – 36;
  • Ош шаары – 31;
  • Нарын облусу – 16;
  • Талас облусу – 7.

Пандемиянын башынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 39 587 адамга жетти.

Акыркы сутка ичинде коронавирус жана пневмониядан 517 адам айыкты:

  • Бишкек – 142;
  • Ош облусу – 87;
  • Чүй облусу – 53;
  • Ысык-Көл облусу – 50;
  • Ош шаары – 49;
  • Жалал-Абад облусу – 48;
  • Баткен облусу – 45;
  • Талас облусу – 24;
  • Нарын облусу – 19.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери коронавирустан жалпысынан 31 281 адам айыкты.

Медицина кызматкерлеринин арасынан акыркы бир суткада COVID-19 жуктуруунун 10 учуру аныкталды. 72 медкызматкер илдеттен айыгып, өлкөнүн стационарларынан жана үй карантининен чыкты.

Жалпысынан, медицина кызматкерлеринин арасынан инфекцияга 2 938 адам чалдыгып, алардын ичинен 2 097 медик оорудан айыгып чыккан.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, акыркы суткада COVID-19 жана ооруканадан тышкары пневмония менен ооруган 9 бейтап каза болду.

Коронавирус эпидемиясы башталгандан бери өлкөдө жалпысынан коронавирус жана пневмониядан 1 460 адам кайтыш болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.