ИИМдин катчылыгынын жетекчиси коронавирустан каза болду

Ички иштер министрлигинин катчылыгынын башчысы Жаныш Азизов каза болду.

Kaktus.media басылмасынын жазышынча, ал коронавирус менен ооруп жүргөн.

Ал 1954-жылы Чүй облусунун Токмок шаарында төрөлгөн. Милициянын полковниги наамы бар.

Азизов өмүрүнүн басымдуу бөлүгүндө күч органдарында иштеген.

1983-1984-жылдары кыргыз ССР ИИМдин саясий бөлүмүндө инструктор;

1984-1986-жылдары кыргыз ССР ИИМдин катчылыгында режим боюнча инспектор;

1986-1993-жылдары Фрунзе шаардык ИИБдин аткаруу комитетинин катчылыгынын жетекчиси;

1993-1998-жылдары КР ИИМдин катчылыгынын башчысы болуп эмгектенген.

1998-2000-жылдары ички иштер министринин жардамчысы, 2000-2001-жылы министрдин аппаратынын жетекчи орун басары, 2001-жылы министрдин аппаратынын башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, 2001-2014-жылдары ИИМдин катчылыгынын жетекчиси, 2014-жылы жаш-курагына байланыштуу отставкага кеткен келип калгандыктан. Ушул эле жылы ИИМдин катчылыгынын жетекчилигине келишимдин негизинде дайындалган. 2019-жылдын майынан бери ИИМдин катчылыгында башкы адис катары иштеп келген.

Кыргызстанда 9-августка карата коронавирустун 39 919 учуру катталды. Ошол эле маалда илдет 1468 кишинин өмүрүн алды. Ал эми 31 822 киши оорудан сакайды.