Кыргызстанда коронавирус жуккан бейтаптардын 80 пайызы айыкты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабтан 10-августта коронавирустан 407 бейтап айыкканын кабарлашты. Алардын эң көбү Ош шаарында катталды — 91.

Ошондой эле, илдеттен Ош облусунда — 67, Жалал-Абад облусунда — 66, Бишкек шаарында — 51, Баткен облусунда — 41, Чүй облусунда — 27, Талас облусунда — 18 жана Нарын облусунда тогуз бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Илдеттен айыккандардын арасында 37 медкызматкер бар — алардын 31и үй шартында дарыланышкан.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 32 229 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 80 пайызын түзөт — алардын ичинде 2 178 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 40 177ге жетти. Илдет 1 474 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.