Өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 40 миң кишиден ашты

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 10-августка карата коронавирустун жаңы 258 учуру катталганын кабарлашты — алардын арасында 11 медкызматкер бар.

Бир суткада катталган жаңы учурлардын аймактардагы көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 84;

Жалал-Абад облусу — 37;

Баткен облусу — 35;

Ош облусу — 25;

Ош шаары — 24;

Ысык-Көл облусу — 21;

Чүй облусу — 17;

Нарын облусу — 10;

Талас облусу — 5.

Жалпысынан COVID-19ду жуктуруп алгандардын саны 40 177ге жетти — алардын арасында 2 959 медицина кызматкери бар.

Коронавирусту жуктуруп алгандардын 32 229у айыгып, 1 474 киши каза болду.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.