Иллюстративдик сүрөт

Режиссер жана медиа-эксперт Азим Азимов 4-октябрда өтө турчу парламенттик шайлоо алдында өлкөдөгү саясий кырдаалга саресеп салды. Ал өз алдынча тизме түзүп, анда парламентке келүү ыктымалдуулугу жогорку болгон партияларды атаган. Азимов өз божомолунда шайлоого катышуу ниетин билдирген партиялардын дараметин талдаган.

«Окуянын өнүгүшүнө жараша маалыматтар жаңыланып жана добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бериши мүмкүн. Анткени социалдык тармактарда ыгы жок чочулай берген кишилер көп, мен бир дагы партияда иштебей турганымды дароо айтып коёюн. Андыктан менин анализим өзүмдүн жеке пикирим болуп саналат», — деди эксперт.

Алгач Азимов учурда парламентте иштеп жаткан жана боло турчу шайлоого катышуу ниетин билдирген партияларды карап көргөн. Алар: «Кыргызстан», «Бир Бол», «Ата Мекен» жана «Ата-Журттан» бөлүнгөн «Республика» партиясы. Андан сырткары шайлоодо жеңишке жетет делген «бийликтин партиясы» — «Биримдик» жана «бийликтегилерге ыктаган» — «Мекеним Кыргызстан» партияларын кошкон.

Азимов андан сырткары буга чейин парламентке келүүгө аракет кылган «Бүтүн Кыргызстанды», «Замандашты», Камчыбек Ташиевдин «Мекенчил» партиясын жана Фейсбук менен Твиттерде кеңири талкууга алынган «Чоң Казат» менен «Реформа» партияларын да четте калтырган эмес.

ТОП 5

Азимовдун божомолу боюнча күздө боло турчу шайлоодо жеңишке жете турчу беш партиянын тизмеси төмөндөгүдөй. «Мекеним Кыргызстан», «Биримдик», «Кыргызстан», «Ата Мекен» жана «Бир Бол». Анткен менен эксперт эмне үчүн бул партиялар жеңишке жетет деп ойлогонун негиздеп берүүгө аракет кылган.

Медиа-эксперттин баамында парламентке келүү үчүн акча, же партия лидеринин кадыр-баркы эмес шайлоолордо «жеңишке жетүү тажрыйбасы» маанилүү. Андыктан ал шайлоодо жеңишке жете турчулардын катарына «Кыргызстан» партиясын үчүнчү орунга койгон.

«Кыргызстан» партиясы бир гана парламентке келбестен көптөгөн жергиликтүү кеңештерде дагы жеңишке жеткен. Шайлоо — бул баарынан мурун технологиялык жана саясий процесс, андан кийин гана эмиоциядан калыптанган чечим. «Кыргызстан» — бул иллюзия менен сугарылган партия эмес. Алар элдин колдоосун деле күтпөйт, андыктан кампаниясын калыптанып калган инструмент менен ишке ашырат», — деп боолголойт ал.

Медиа-эксперт администрациялык ресурс жана финансыдан улам бир жыл мурда биринчи орунга бийликти жактаган «Биримдик» партиясын коймоктугун белгилеген. Бирок пандемия жана экономикадагы кризис бийликтин партиясына тоскоолдук кылгандай, ал эми президент менен өкмөт коронавируска каршы күрөшүү менен алек, колу бош эмес.

«Матраимовдордун үй-бүлөсү башында турган «Мекеним Кыргызстан» учурда болуп жаткан башаламандыкты өз пайдасына пайдаланууда. Кайрымдуулук жасап, стационарларды ачып, дарыгер менен ыктыярчыларды каржылап аларды өзүнүн үгүт иштеринде колдонууда», — дейт Азимов.

*«Мекеним Кыргызстан» партиясы 2015-жылы түзүлгөн. Бирок 2019-жылы кайра катоодон өткөн. Партияны онго жакын киши негиздеген. Анын башчысы катары вице-спикер Мирлан Бакиров көрсөтүлгөн. Коомчулукта аталган партия Кыргызстандагы эң таасирдүү Матраимовдордун үй-бүлөсүнө караштуу деген пикирлер айтылууда. Матраимовдордун мыйзамдуу өкүлү, адвокат Канат Азиз да ушул партияга байланыштуу маалыматтарды фейсбукка бөлүшүп келет. Ошондой ЖКМларда Азиз «Мекеним Кыргызстандын» мүчөсү болгону да жазылган. Депутат Искендер Матраимов учурда «Исмаил Матраимов» кайрымдуулук фонддун иши менен жигердүү алектенүүдө. Фонд стационарларды ачып, андагы ыктыярчыларга жана медиктерге каражаттарды өз эсебинен төлөп, портативдик рентген алып келип аймактардын жашоочуларын түшүрүүдө. Бул иштердин бардыгы социалдык тармактар аркылуу жарыяланууда жана Бишкек шаарына фонддун логотиби менен баннерлер да илинди. Матраимовдор «Мекеним Кыргызстандан» шайлоого бараарын тастыктай элек.

Андыктан ал бардыгын салмактап туруп «Мекеним Кыргызстанды» биринчи орунга, экинчи орунга «Биримдикти» койгон. Азимов ошондой эле, кокус коңшу мамлекеттер шайлоо алдындагы иштерге кийлигише турган болсо «бардыгы башкача болот» деп эсептейт.

Андын сырткары алдыңкы бештиктеги эки орунга сегиз партия талапкер. Азимов аларды утулуп калуу ыктымалдуулугун эске алуу менен электен өткөргөн. Ал бештикке кирбей турган партиялардын катарын «Чоң Казат» менен «Реформа» ээлей турганын белгилейт. Карантин башталганга чейин эл арасында чоң кызыгуу жараткан «Чоң Казат» саясий басымдан, лидерлеринин суракка алынышынан, ЖМК тарабынан болгон маалыматтык чабуулдан жана Канат Хасановдун ал жактан кетип калышынан улам шайлоодо утуп чыгуу шансын жоготту.

Краудфандинг аркылуу 5 млн сом чогултууну көздөгөн «Реформа» партиясы дагы электен өтпөйт. Анткени Кыргызстанда «партия үчүн садага кылуу» саясий маданияты өсүп жетиле элек.

Медиа-эксперт партиялардын парламентке келишине анын чечкиндүү жана так белгиленген лидерлиги маанилүү факторлордон болуп саналат деген ойдо. Андыктан төртүнчү орунга Азимов «Ата Мекен» партиясын койгон.

«Өмүрбек Текебаев, Жанар Акаев жана Рыскелди Момбеков саясий ораторлордун сап башында турат. Алар коомдун оппозициялык суроо-талаптарынан улам саясий упайды ийгиликтүү чогулта алышы мүмкүн», — дейт ал.

Азимов «Ата Мекендин» иши жакшылап көрүнбөй жатканын кошумчалап, бирок сентябрда үгүт иштерин туура нукта баштаса 2015-жылдагы шайлоодогудай парламенке келиши ыктымалдыгын божомолдойт.

Эми ТОП 5теги акыркы орун үчүн беш партиянын талапкерлиги каралат. Алар: «Бир Бол», «Республика», «Бүтүн Кыргызстан», «Замандаш» жана «Мекенчил».

«Замандаш» партиясы буга чейинки шайлоолордогу тажрыйбасы жоктугунан, партиянын уюштуруу иштеринин «чабалдыгынан» жана «лидеринин алсыздыгынан» дароо тизмеден чийилет. Учурда аны партияны түптөгөн маркум Муктар Өмүракуновдун жесири Чынара Шейшекеева жетектейт. Азимовдун пикиринде партия ишкер Аскар Салымбековдун акчасын тартса дагы олуттуу ийгилик жаратуу мүмкүнчүлүгү болбойт.

Андан кийин Өмүрбек Бабановдун катышпаганынан улам «Республика» партиясы да тизмеден чийилет. Медиа-эксперт партиянын мүчөлөрү — ишкерлер «өз акчасы үчүн жакшы шарт түзүлгөн» партиялардын катарына кирүүгө аракет кылышат.

«Андан тышкары бийлик «Республиканын» утулуп калышына кызыкдар. Анткени мындай жол толугу менен саясаттан кеттим деген Бабановдун кайрылып келүү шансын азайтат», — дейт Азимов.

Эксперт андан ары тизмеден Камчыбек Ташиевдин түзгөн жаңы «Мекенчил» партиясын чийет. Азимов Ташиевдин шайлоого катышуу ниетин билдирген видеосу боюнча көз карашын айткан.

«Биздин алдыбызда олуттуу оорудан чарчаган, үстүнө эски свитер менен топу кийип, сакал-муруту өскөн киши турат. Балким бул көрүнүш анын элге жакын болгонун айтып турса керек, бирок анын сырткы көрүнүшү бийлик үчүн тайманбай күрөшө турчу саясатчыны көрсөтпөйт», — дейт ал.

Азимовдун ТОП 5 божомолуна кире турчу эки партия калды — «Бүтүн Кыргызстан» менен «Бир Бол». Эксперт эки партиянын лидерлери тууралуу буларга токтолду.

Адахан Мадумаров башында турган «Бүтүн Кыргызстан» партиясы парламенттик шайлоодо саналуу гана добуш жетпей эки жолу өтпөй калган. Президенттик шайлоодо «ишенимдүү» жыйынтык көрсөткөнү менен мамлекеттик кызматтарда иштебейт жана «чыныгы» саясий жараяндарга катышпайт.

«Бир Болдун» башчысы Алтынбек Сулайманов 2015-жылы мурдагы «бакиевдердин» командасы менен чыккан. Учурунда аларды кырнетте «Максим Бакиевдин 12 досу» деп да аташкан.

«Ага карабастан, эгерде негиздүү карай турган болсок анын мурдагы партиялаштары партиянын кассасына акча берип, ар бири өз аймагында жакшылап иштеди. Либералдуу жана прогрессивдүү жаштарды партиянын катарына тартуу - кызыктуу эксперимент. Бирок ал партиянын медиалыгына гана таасир берип, добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир бере албайт», — дейт Азимов.

Анткен менен Азимов эгер уюштуруу иштери ойлонулуп жасалса жана үгүт иштери «калыптанып» калган жол менен өтсө «Бир Бол» парламенттик шайлоодо утуп чыгат деген ойдо.

Партияларды каттоо 20-августта аяктагандан кийин жана сентябрда үгүт иштери башталар алдында Азимов мындай божомолдон дагы экини жасай турганын билдирди.

Парламенттик шайлоо 2020

Кыргызстанда парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрда өтөт. 9-июлга карата Боршайкомго шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген. Анткен менен 5 млн сом шайлоо күрөөсүнөн улам алардын баардыгы эле шайлоого катыша албайт.

Азыркы бийликтин шайлоону күзгө дайындоо чечими коомдо сынга кабылды. Айрым саясатчылар, депутаттар жана жарандар шайлоого кете турчу каражатты коронавирустун алдын алуу жана анын кесепеттерин жоюуга жумшоо керектигин айтышты. Бирок мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан укуктук талаадан чыкпай турганын айтып, парламенттик шайлоо өз мөөнөтүндө болорун билдирген.

Алгач парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн 732 млн сом коротулары айтылган. Бирок кийин БШК чыгымдарды оптимизациялоо менен кете турган каражатты 446 млн 900 миң сомго чейин кыскартканын билдирген. Шайлоо коронавирус пандемиясы учурунда болуп жаткандыктан санитардык-эпидемиологиялык нормаларды сактоого 60 млн сом коройт.