Кыргызстан Казакстандан электр энергиясын сатып алат

Улуттук энергохолдингдин башчысы Айтмамат Назаров Казакстандан электр энергиясын импорттоо Кыргызстанга күз-кыш мезгилинен «ийгиликтүү» чыгууга жардам берерин 12-августта билдирди.

«Болжолдонгон маалыматтар боюнча ушул жылдын октябрь айында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 14,9 млрд куб метрди түзөт. Ушуну менен катар Казакстандан 500 млн кВт саат көлөмүндө электр энергиясын импорттоо пландалып жатат. Бул көлөм күз-кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө жетиштүү», — деди ал.

Назаров калкты электр энергиясы менен «үзгүлтүксүз» камсыз кылуу үчүн Улуттук энергохолдинг «бардык резервдерди» ишке салууга даяр экенин айтты.

Ошол эле учурда энергохолдинг маал-маалы менен жарык өчүрүлбөйт деп убада берген жок, бирок, эгер андай учурлар көбөйүп кетсе райондук электр тармактарынын жетекчилери «жеке жоопкерчилик» тартышат.

Улуттук энергохолдинг мындай билдирүүнү «Түндүк электр» компаниясы 11-августта өлкөдө келе жаткан кыш мезгилине карата электр энергиясынын тартыштыгы тууралуу кабарлагандан кийин жасады.

Сырттан электр энергиясын алуу

Сооронбай Жээнбеков

Кыргызстандыктар жарыксыз калбашы үчүн электр энергиясын импорттоо керектиги тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков да сөз кылган.

«Элибиз жарыксыз, электр энергиясыз калбайт. Эгерде кыйынчылык болуп баратса, сырттан дагы электр энергиясын алып келүүгө аракеттер болот», — деген президент.

Ошол эле учурда өлкө башчысы абал ага чейин жетперине үмүт кылаарын билдирди.

Президенттин айтымыннда, август айында күн жылып, ысып кетсе, мөңгүлөрдүн жетиштүү ээришин камсыздап берсе, суунун келиши көбөйүп, импорт кылуунун зарылдыгы болбойт. Бирок мөңгүлөр июнь жана июль айларында баарынан көп ээрийт, бирок бул жылы бул айлар жаанчыл болгон. Жээнбековдун айтымында, учурда 2 млрд 400 млн кубо метр суу жетишпей жатат.

«Тилекке каршы, “Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” дегендей, жайында жамгыр жаап, тоолорго кээде кар жаап, күн салкын болуп, тоодогу мөңгүлөр эрибей Токтогулга дагы, биздин республикадагы эл аралык маанидеги Киров, Орто-Токой, Папан суу сактагычтарына дагы суу азыраак келип калды», — деди ал.

Президент өзүнүн берген интервьюларында электр энергиясы менен камсыздоо маселесин көп көтөрүп келген. Суунун көлөмү аз экенин бийликтин башка өкүлдөрү да айтып келишкен.

«Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү аз болгонуна карабастан, жарык менен камсыз кылууда маселе болбойт. Учурда көмүр ташып келүү боюнча тендерлер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлууда», — деп убада берген премьер-министр Кубатбек Боронов 11-августта.

Ал эми биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Батырбеков бардык медицина мекемелери энергиянын альтернативдүү булактары менен камсыз болушу керектигин айткан.

«Бардык медициналык жайлар, өзгөчө реанимациялык жана операциялык бөлүмдөр электр энергиясын берүүнүн кошумча булагы менен камсыздалууга тийиш. Көмүр жана мазут менен камсыз кылууда маселе жаралбаш керек. Аларды өз учурунда сатып алуу үчүн Финансы министрлиги керектүү каражаттарды бөлүп берүүсү кажет», — деген ал.

Жарыктын маал-маалы менен өчүрүлүшү

Курманбек Бакиев

Качкын президент Курманбек Бакиевдин тушунда дагы суунун көлөмү төмөн болгондуктан электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүлүп турган. Ошондо, өлкө боюнча жарыктын күн сайын өчүрүлүп турушуна Кыргызстандын башка өлкөлөргө ири көлөмдө электр жарыгын экспорттоосу, же бийлик суу сактагычтагы сууну башка мамлекеттерге сатканы себеп болгон.

Ушундан улам Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү критикалык деңгээлге чейин түшүп кеткен. Бул президент Курманбек Бакиевдин беделине шек келтирип, анын кулатылышынын себептеринин бири болгон.

Алмазбек Атамбаевдин башкаруусу учурунда электр энергиясы өчүрүлгөн эмес жана мурдагы президент ушуну айтып өзүн бир нече жолу мактаган жайы бар.

Жээнбековдун башкаруусу учурунда электр энергиясынын тартыштыгынын мүмкүндүү себеби катары аз көлөмдөгү суу темасы бир нече жылдан бери көтөрүлүп келген. 2019-жылдын июнь айынын башында вице-премьер-министр кызматында иштеп жаткан Кубатбек Боронов 2019-жылдан тарта өлкөдө суу тартыштыгы цикли башталганын билдирген. Анын айтымында, жакынкы үч-беш жылдын ичинде суунун келүүсү азайып, андан кийин кайра жогорулайт.

2019-жылы электр энергиясынын мүмкүндүү тартыштыгы криптовалюта майнерлерине каршы күрөштө себеп катары колдонулган. 2020-жылдын 11-августунда «Түндүк электр» кайрадан майнерлер тууралуу сөз кылды — суунун тартыштыгынан улам компания азырынча «майниңди ишке ашырууга техникалык шарттарды» түзүп бербейт.