«Супер Инфо» гезити менен Super.kg порталынын жетекчилери «басымдан улам» иштен кетти

Иллюстративдик сүрөт

«Супер Инфо» гезитинин директору Шаиста Шатманова жумуштан кетти. Андан тышкары Super.kg порталынын башкы редактору менен директору да кызматын ташташты.

Шатманова «Азаттыкка» курган маегинде саясий көз караштар келишпегендиктен жана ага «басым» болгондуктан ушул чечимге келгенин айткан.

«Гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султан жана гезиттин жетекчилиги былтыр соттон, сурактардан башыбыз чыккан жок. Ошол кезде Кылычбек Султан гезиттин, жамааттын келечеги үчүн гезиттен четтөөгө аргасыз болгон эле. Андан кийин гезит менин жетекчилигимде оппозициялык багытта ишин улантып келди. Бирок ар кандай басымдарга байланыштуу негиздөөчүлөрдүн катарынан чыгууга аргасыз болдум. Бүгүнкү түзүлгөн кырдаалга байланыштуу толугу менен кетүүгө туура келди», — деди ал.

Шатманова гезит басылмада көп жылдан бери иштеп келген кызматкердин жетекчилиги алдында ишин уланта берээрин белгиледи.

2019-жылдын жаз мезгилинде Шатманова финполго суракка чакырылган. Ал суракка чакырылышынын себебин 2012-жылы «ЖМКларды колдоо борборунун» сайтында чындыкка дал келбеген маалыматтар кийин жаңыртылган макала жарыяланганы менен түшүндүргөн.

Ал Бишкекте өткөн басма сөз жыйында бул окуя «Супер Инфо» гезитине «басым кылууга» себеп болуп калганын билдирген.

Ошондо финполиция “Супер Инфо” гезити 2013-2018-жылдар боюнча салык текшерүүсүнөн өтүшү керек деген токтом чыгарган.

Бир жылдан кийин «Супер Инфо» гезитинин жана Super.kg сайтынын жетекчиликтери алмашканы белгилүү болгон.

FactCheck.kg сайты маалымдагандай, «Компьютер пресс» компаниясы, сайты жана гезити Кыргызстандын Түштүк Кореядагы экс-элчиси Кылычбек Султандын жубайы Султан Мээримге катталган.

«Ошентип бир убакта үч юридикалык жак Юстиция министрлигиндеги маалыматтарын өзгөртүштү. “SUPER MEDIA” ЖЧКсында негиздөөчү жана жетекчи алмашкан. Кылычбек Султановдун жубайы Султан Мээрим Исаевнанын ордуна Насирдинов Икрамиддин Исламидинович ээси болуп калган. Ошондой эле, Икрамидин “Компьютер пресс” ЖЧКсынын ээси да болуп калган. [...] Super.kg порталы Азизбек Кадырович Орунбаевге өткөн», — деп жазган FactCheck.kg.

FactCheck.kg сайтынын редактору Болот Темиров редакция бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун гезитке тиешеси бар-жогун изилдеп жатканын билдирген.

«Азырынча бүтө элекпиз. Айрым маалыматтар бар. “Супер Инфонун” жаңы ээлери Матраимовдун жердештери болушат, алар дагы Кара-Суудан. Компаниянын ээси алмашкандан кийин “Супер Инфо” жамааты “Эльдорадо” соода борборуна көчүп барган. Ал эми анын ээси Искендер Матраимовдун жубайы Минавар Жумаева экени белгилүү болгон. Ушундай байланыштар бар», — деп айтып берген ал.

Кылычбек Султан бул маалыматты төгүндөйт.

«Супер Инфо» гезити Кыргызстанда 2002-жылдан бери чыгып келет. Бүгүнкү күнгө карата ал өлкөдөгү эң белгилүү кыргыз тилдүү басылмалардын бири болуп саналат. Ошондой эле ага Super.kg жаңылык жана көңүл ачуу порталы да таандык.