Токмокто милициянын тергөөчүсү пара менен кармалды

Иллюстративдик сүрөт

Токмок шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Шектүү Финансы полиция жана ИИМдин кызматкерлери биргеликте жүргүзгөн иш-чаранын натыйжасында колго түштү.

Кармалган тергөөчү параны кылмыш ишин кыскартуу үчүн талап кылган.

Окуя КЖБРда «Опузалап пара алуу» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жазык кодексине ылайык, шектүү күнөлүү деп табылса минималдуу 140 миңден 180 миңге чейин айып пул салынат, же 5 жылдан 7,5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.