Шайлоо 2020: «Мекеним Кыргызстан» «Бирик» жана «Табылга» партиялары менен бирикти

«Матраимовдордун партиясы» делген «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы «Табылга» жана «Бирик» партиялары менен бирикти. «Мекеним Кыргызстандын» лидери Мирлан Бакировдун айтымында, бул партия үчүн акыркы толуктоо эмес, жакында ага башка партиялар да кошулат.

Партиялардын мындай биригүүлөрү «Мекеним Кыргызстан» партиясына ар кайсы аймактарда добуштарга ээ болууга мүмкүнчүлүк түзөт. Мисалы, «Табылга» Ысык-Көл облусунда таасирлүү болуп саналып, Каракол шаардык кеңешке шайлоо маалында лидер болгон. Ал эми «Бирик» Нарын жана Чүй облустарында таасирлүү деп эсептелет.

«“Бирик” партиясы Чүй жана Нарын облустарында өзгөчө популярдуулугу менен айырмаланат. 15 000ден ашуун мүчөсу бар партия “Мекеним Кыргызстандын” желеги астында шайлоого катышмакчы», — деп айтылат «Мекеним Кыргызстан» партиясынын фейсбуктагы барагында. Мурдараак «Бирик» партиясы мөөнөтүнөн мурда үгүт иш жүргүзгөнү үчүн эскертүү алган, ошондой эле партия «ден соолук паспорту» аркылуу кыргызстандыктардын маалыматтарын чогултуп алууга шектелген.

Ал эми «Мекеним Кыргызстан» партиясы өлкөнүн түштүгүндө таасирлүү, саясий эксперттер анын парламенттик шайлоодо лидерликке чыгууга толук мүмкүнчүлүгү бар деп эсептешет. Партияны Матраимовдордун кланы менен байланыштырышат — партиянын отурумдарына депутат Искендер Матраимов катышат, мындан тышкары, Матраимовдордун фонду менен иштешкен адистер эле партиянын иштерин да алып барышат.

Мирлан Бакиров буга чейин «Республика» жана «Өнүгүү — Прогресс» партияларынан депутат катары эки жолу парламентке өткөн. Биринчи партия анын лидери Өмүрбек Бабановдун саясаттан кетиши менен таасирин жоготкон, ал эми экинчи партиянын лидери Бакыт Төрөбаев «Өнүгүү — Прогресс» шайлоого катышпайт деп билдирген.

Шайлоо 2020

Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага катышуудан коммунисттер баш тартышты, «Демократ» партиясы да баш тартышы мүмкүн. «Табылга» менен «Бирик» партиялары «Мекеним Кыргызстанга» кошулуп, партиянын таасирин күчөттү.

Акыркы президенттик шайлоо жана андан кийинки Жээнбеков менен Атамбаевдин араздашуусу Кыргызстандагы саясий күчтөрдү түп тамырынан өзгөрттү.

Президенттик шайлоодон кийин куугунтуктоодон улам «Республиканын» лидери Өмүрбек Бабанов саясаттан кетти, ал эми партияда жаңы лидер — активдүү депутат Мирлан Жээнчороев пайда болгону менен, анда келе жаткан шайлоодо кандай мүмкүнчүлүктөрү бар экени азырынча белгисиз.

Президенттердин араздашуусунан улам өлкөдөгү эң таасирлүү партия болгон КСДП бөлүнүп, башка партиялар үчүн атаандаш болбой калды. Андан Атамбаевдин уулдарынын «Социал-Демократтар» партиясы бөлүнүп чыккан, бирок анын лидер эмес экендиги анык.

Бийликтин жаңы партиясы болуп «Биримдик» эсептелет. Анын курамында шайлоого президенттин иниси депутат Асылбек Жээнбеков барат. Аны менен парламенттеги орун үчүн «Мекеним Кыргызстан» күрөшөт.

*Матраимовдор — Кыргызстандагы таасирлүү саясий клан. Искендер Матраимов — парламенттин депутаты, анын иниси Райымбек Матраимов антикоррупциялык иликтөөлөрдүн фигуранты жана бажы башчысынын мурдагы орун басары. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Матраимов президент Жээнбековдун шайлоосуна демөөрчү болгонун бир нече жолу көтөргөн. Шайлоодогу демөөрчүлүк тууралуу парламентте да сөз болгон — анда Матраимовдордун эсебинен КСДПнын мүчөлөрү шайланган деп айтылган. Матраимовдордун башка ага-инилери аким жана министрликтерде иштешет, ал эми Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунова Абдукадыр кланы менен бир бизнеске ээлик кылат. Абдукадыр Кыргызстан аркылуу аткез товарынын өтүшүн ишке ашырган ишкер болуп саналат.

Белгилүү жана таасирлүү партиялардын арасынан шайлоодо «Ата Мекен», «Бир Бол» жана «Кыргызстан» катышат. Калган партиялардын көбү анчейин таанымал эмес жана алар 5 млн сомдук шайлоо күрөөсүн төлөй алышабы же жокпу, же чоңураак саясий партиялардын катарына кошулабы, азырынча белгисиз.