Акыркы сутка ичинде COVID-19дан дагы эки бейтап каза тапты

Республикалык штаб акыркы сутка ичинде коронавирустан эки адам көз жумганын кабарлады. Алардын бирөөсү Ошто, экинчиси Нарын облусунда каза болгон.

Кыргызстанда коронавирустан каза болгон бейтаптар тууралуу күндө маалымдалып келет. Бирок учурда алардын саны июлдун ортосуна салыштырмалуу бир топ азайган. Анткен менен каза болгон учурлар дагы деле катталууда жана инфекция жугузуунун жаңы толкуну башталып кетсе, алардын саны кайрадан көбөйүшү ыктымал.

Азырынча коронавирустан каза болгон бейтаптардын жалпы саны 1 493кө жетти, бирок Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан көз жумгандар боюнча статистиканы ДССУнун сунуштарына ылайык кайра карап чыгууну пландап жатат.

Башка өлкөлөрдө илдеттен каза болгондордун саны кайра эсептелип, толукталып чыккандан кийин өскөн.

1 493 — бул коронавирустан каза болгондордун расмий катталган саны жана ал эсепке үйүнөн каза болгондор жана медиктерге кайрылбагандар кирбеши мүмкүн.