Республикалык штаб 16-августта COVID-19дан дагы 355 бейтап айыкканын кабарлады. Жаңыдан сакайгандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 108.
Ошондой эле Ысык-Көл жана Ош облустарында 52ден, Жалал-Абад облусунда — 48, Чүй облусунда — 37, Ош шаарында — 21, Баткен облусунда — 20, Талас облусунда тогуз жана Нарын облусунда сегиз бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды.
Коронавирустан арылгандардын арасында 13 медкызматкер бар — алардын ону үй шартында дарыланган.
Өлкө боюнча коронавирустан арылгандардын саны 34 306га жетти, ал эми илдет жалпысынан 41 856 адамда аныкталды. Айыккандардын арасында 2 328 медкызматкер бар.
Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.