Жээнбеков Орусияны COVID-19га каршы вакцинаны тапканы менен куттуктады

Жээнбековдун Орусиянын медициналык топторунун жетекчилери менен жолугушуусу. Сүрөт: КР президентинин сайты

15-августта президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын медициналык топторунун жетекчилери менен жолукту. Алар Кыргызстанга коронавируска каршы күрөшүүдө жардам берүү үчүн келишкен.

Жээнбеков адистердин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Орусияны COVID-19га каршы вакцинанын катталышы менен куттуктады.

«Биз стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз үчүн кубанычтабыз. Бул пандемияга каршы күрөшүүдөгү бурулуш учуру болуп саналат. Биз бул жаңылыкты көптөн бери күтүп жүргөнбүз», — деди ал.

Орусиянын вакцинасы

Сүрөт: sputnikvaccine.com

11-августта Орусиянын Саламаттык сактоо министрлиги (ССМ) «дүйнөдөгү алгачкы» коронавируска каршы вакцинаны расмий каттаганын жана ал «Спутник V» деп аталарын кабарлады. Вакцинаны Орусиянын ССМине караштуу академик Н. Ф. Гамалея атындагы Эпидемиология жана микробиология боюнча улуттук изилдөө борбору чыгарган.

Орусиянын президенти Владимир Путин вакцина коопсуз экенин билдирип, кызы эмдөөдөн өткөнүн айтты. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги маалымдады.

«Кыздарымдын бирөөсү өзүнө ушундай эмдөө жасады. Мындайча айтканда ал экспериментке катышты. Биринчи эмдөөдөн кийин анын температурасы 38ге көтөрүлүп, эртеси 37ден бир аз ашты да ошону менен токтоду», — деди Путин.

Орусиянын түз инвестициялар фондунун (ОТИФ) башчысы Кирилл Дмитриев билдиргендей, Орусияда коронавируска каршы жапырт эмдөө 2020-жылдын октябрында башталат.

Анын айтуусу боюнча, ОТИФ 20 өлкөдөн вакцинанын 1 млрддан ашык дозасын сатып алууга алдын ала билдирмелерди алды.

«Биз чет элдик өнөктөштөр менен биргеликте беш өлкөдө вакцинанын 500 миллиондон ашуун дозасын өндүрүүнү камсыздоого даярбыз жана өндүрүштүн кубаттуулугун дагы өстүрүүнү пландап жатабыз», — деди Дмитриев.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Орусия бийлигинин коронавируска каршы вакцина тууралуу билдирүүсүнө токтоолук менен реакция кылды. Уюмдун өкүлү Тарик Язаревич 12-августтагы билдирүүсүндө, ДССУ Орусиянын саламаттык сактоосуна жооп берген ведомстволор менен тыгыз байланышта экенин жана вакцинага жол берүү критерийлерин талкуулап жатышканын айтты. Анын айтымында, ар бир вакцинанын колдонулушу анын коопсуздугу тууралуу бардык маалыматтардын текшерилишин талап кылат.

Батыштын эксперттери Орусиянын коронавируска каршы вакцинасына күмөн санап жатышат. Алардын айтымында, ар бир вакцина регламентке ылайык клиникалык изилдөөлөрдүн бардык үч этабынан тең өтүшү керек, ал эми «Спутник V» экөөсүнөн гана өткөн.

«Албетте, вакцинада натыйжалуу жана коопсуз болуусуна мүмкүнчүлүгү бар. Мен жөн гана орусиялык изилдөөчүлөр баары сыяктуу эле клиникалык изилдөөлөрдүн 3-фазасын өткөрүүсүн каалайт элем. Аларга дагы эки-үч ай керектелмек, андан кийин мен “сонун, мыкты иш” деп айтмакмын. Ал эми бул учурда мен АКШнын башка окумуштуусундай эле жөн гана баш чайкайм», — деп билдирди Филадельфиядагы Вистан институтундагы вакциналарды изилдөөчү Хильдегунд Эртл.

Анын айтымында, эгер орусиялык вакцина терс реакция пайда кылса анын кесепетинен адамдын организмине COVID-19га каршы башка вакциналарды кабыл алууда кыйынчылык жаралат.

«Мындай ийгиликсиздик бир эле векторлорго ээ болгон вакциналарды кабыл алууга таасир этиши мүмкүн. Орусиянын изилдөөчүлөрү эгер алар бул вакцинаны 20 миң адамга колдонушса, а ал терс эффекттерди чакырса, анда бул адамдар коронавируска каршы башка вакциналардын анализине макул болушпарын түшүнүшү керек», — деди Эртл.

АКШ президентинин кеңешчиси Келлианн Конвэй дагы Орусиянын вакцинасын сынга алды. Анын айтуусу боюча, вакцина абдан аз сыноодон өткөн жана америкалык фармацевтикалык стандарттарга ылайык келбейт.

«Бизде клиникалык изилдөөнүн үчүнчү баскычында турган потенциалдуу алты вакцина бар, ал эми Орусиянын вакцинасы буга дагы жете элек окшойт», — деп айткан ал Fox News телеканалынын эфиринде.

Немис окумуштуулары да вакцина зыянсыз экенине күмөн санашууда.

«Буга чейин вакцина тууралуу эч бир маалымат жарыяланган эмес жана бул кыйла чоң кыйынчылыктарды билдирет. Мен аны колдонуу уруксатына абдан токтоолук менен мамиле кылам», — деп айтты Гамбургдагы Бернхард Нохт институтунда иштеген врач-вирусолог Йонас Шмидт-Каназит.

Анын айтымында, ДССУнун стандарттары боюнча, вакцинаны колдонуудан мурда клиникалык сыноонун үчүнчү этабын өткөрүү зарыл, анда вакцина менен бир нече миң киши эмделет. Бул вакцина канчалык коопсуз экенин жана анын кыйыр эффекттери кандай экенин аныктоого жардам берет.

Башка вакциналар

Адатта, вакциналарды медиктер колдонуп баштаардан мурда жылдап созулган изилдөөлөр жана сыноолор талап кылынат. Вакциналардын баары тең клиникалык сыноолордун үч фазасынан өтүүгө тийиш.

ДССУнун өкүлү Майк Райндын айтымында, клиникалык изилдөөлөрдүн буга чейинки эки фазасы вакцина адам организминен иммундук жооп пайда кылышын камсыздоого багытталган.

Үчүнчү стадияда вакцина биринчи жолу дени сак адамдарга карата колдонулат. Райн билдиргендей, мындай аракеттер вакцина организмди инфекциядан коргой алар-албасын билүү үчүн жасалат.

Бул баскычта сыноолор масштабдуураак болуп, он миңдеген адамдардын катышуусу менен өтөт.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө иштеп чыгуунун баштапкы баскычынан 165 вакцина өтүүдө. Клиникалык сыноонун үчүнчү фазасында азыр сегиз вакцина сыналууда.

Бул шилтеме аркылуу өтүп, учурда дүйнө жүзүндө өткөрүлүп жаткан коронавируска каршы вакциналардын сыноолорунун жыйынтыктарын карап көрүүгө болот.

Бүгүнкү күнгө карата, дүйнө боюнча коронавирус жуктуруунун 21 миллиондон ашуун учуру белгилүү. Каза болгондордун саны 700 миңден ашат.

Кыргызстанда 17-августка карата COVID-19га чалдыккандардын саны 41 миңден ашты. Алардын 1 496сы илдеттен каза болду.