Шайлоочулар Бишкекте №1327 участкасында добуш берип жатышат. Сүрөт: Даниль Усманов / Kloop.kg

Урматтуу кыргызстандыктар, бүйүр кызыткан күз мезгили келе жатат — биз октябрь айында парламенттин жаңы чакырылышын шайлайбыз. Шайлоо оор кырдаалда өтөөрү анык, анын өтчү күнү да дайындалып калды жана ал жылдырылбайт өңдүү. Ал эми биз коронавирустан башка дагы бир көйгөйгө каршы күрөшүшүбүз керек — ал шайлоодо махинация кылуу мүмкүндүгү.

Тилекке каршы, Кыргызстанда өткөн ар бир шайлоо күмөн саноону жаратат. Эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн тарта эле өткөн шайлоолорду чыр-чатак коштоп, административдик ресурстар колдонулду деген шектенүүлөр дайыма болуп келген.

Бул жылы да ошондой болот. Ооба, 2015-жылдагы реформадан кийин бюллеттендерди тобу менен салуу жана «карусель» уюштуруу кыйындап калды. Бирок бир махинация жоюлаары менен башкасы пайда болот. Мисалы, 2017-жылы «Самара» белгилүү болгон. («Самарагейт» тууралуу кабарыңыз жок болсо, анда президенттик шайлоодогу махинациялар тууралуу 2017-жылы чыккан иликтөөбүздү окуп көрүңүз.)

Анын үстүнө, быйыл көз карандысыз эл аралык байкоочулар дагы кыйла аз болот, анткени көбү чек аралар жабык болгонуна байланыштуу келе албайт. Эмнеси болсо да, биз биринчи кезекте өзүбүзгө ишенишибиз керек. Ошондуктан биз парламенттик шайлоого байкоочу боло турган өз командабызды чогултууну чечтик.

Сиз сентябрдын ортосунан тарта шайлоо алдындагы процесске көз салып баштайсыз, ал эми шайлоо күнү — 4-октябрда болуп жаткан окуяларга байкоо салып, бардык мыйзам бузууларды белгилеп турасыз. Сиздин жардамыңыз менен биз мыйзам бузуулар тууралуу дароо «Клоопко» жана соцтармактардагы бардык барагыбызга жарыялап турабыз. Мындан тышкары, сиз чогулткан маалымат бизге шайлоонун жыйынтыгы боюнча журналисттик иликтөө жүргүзүүгө жардам бериши мүмкүн.

Сизди төмөнкүлөр менен камсыздап беребиз:

  • Тренингдер менен. Сизге шайлоого кантип эффективдүү көз салуу керектигин жана мыйзам бузууларды кантип аныктап, аларды кантип белгилеп туруш керектигин үйрөтөбүз.
  • Коргоо менен. Эгер кимдир бирөө сизге басым кылууга аракеттенсе, биз талап кылынган бардык жардамыбызды беребиз: ыкчам эвакуациядан баштап юридикалык жардамга (эгер кереги тийсе) чейин.
  • Гонорар менен. Мындай жумуштун акысы төлөнүүгө тийиш.

Бизге кимдер керек:

  • Бизге Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга чындап кайдыгер карабаган адамдар жана өз убактысын өлкөбүздүн жакшыруусуна бөлүүгө даяр жарандар керек.
  • Бизге эмгекчилдер керек: жумуштун оор экенине карабай чыдап иштөөгө даяр жана кол шилтеп койбойстон бардык шайлоо процесстерине, ошондой эле түнгө чейин созулган шайлоолорго көз салып турууга даяр адамдар.
  • Буга чейин шайлоодо байкоочу болуп иштегендерге, укук коргоо ишмердигинде же журналистикада тажрыйбасы барларга артыкчылык берилет.
  • Кыргызстандын мыйзамдарынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу, сиз Кыргыз Республикасынын жараны болушуңуз керек, ошондой эле жашыңыз 18ден жогору болууга тийиш. Мындан тышкары бир дагы партияда мүчө болбошуңуз керек жана бир дагы мамлекеттик, же муниципалдык кызматта (анын ичинде укук коргоо жана сот органдарында) иштебешиңиз керек.

Шайлоодо «Клооптун» командасынан байкоочу болгуңуз келсе, бул шилтеме аркылуу формага өтүп, 1-сентябрга чейин толтуруп жибериңиз.