Ош: Кечинде аялы менен баласын сабаган киши кармалды

Соцтармактарда 19-августта белгисиз тургун аялын, андан кийин баласын сабап жатканы тартылган видео тарады. Аны көп кабаттуу үйдүн жашоочулары терезеден тартып алышкан.

«Акмак, жаш баланы сабап жатат. Кой деп койбойбу тигилер да, беймарал чай ичип отурушат. Дагы канча урууга болот?» — деген видеого тартып жаткандардын бири.

Тасманы жүктөгөн колдонуучу ал Ош шаарынын Алай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде тартылганын жазган.

В городе Ош 19.08.2020 поздно вечером, жители спального района Келечек засняли на камеру, как их сосед проживающий по...

Posted by Talant Omuraliev on Thursday, 20 August 2020

Ош ШИИБинин басма сөз катчысы Замир Сыдыков тасмада киши жаш баланы уруп жаткандыгын, ал Ош шаарында тартылганын тастыктап, киши кармалганын билдирди.

Үй-бүлөлүк зомбулук

Жыл бышында үй-бүлөлүк зомбулуктан улам ажал тапкан аялдардын окуясы коомчулуктун үрөйүн учурган. Январь ичинде эле ИИМ аялдарды өлгүчө сабап, аларга атайлап өрт коюу болгон бир нече факт тууралуу кабарлаган.

Арадан үч ай өткөн соң, ИИМ 2020-жылдын биринчи кварталында үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 65% көбөйгөнүн билдирген. Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан жети аял каза болгон.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча 2019-жылы Кыргызстан боюнча 6145 үй-бүлөлүк зомбулук катталган. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктан эң көп аялдар жабыркаган — 5 659. Эркектердин саны дээрлик 11 эсе аз — 486.