Акыркы суткада коронавирус 134 адамда аныкталды, оорудан бир бейтап каза тапты

Республикалык штаб Ош облусунда COVID-19га кабылган бир бейтап каза болгонун маалымдады. Мындан тышкары, коронавирус 134 адамда тастыкталды.

Алардын ичинен 33ү Бишкекте, 27 — Жалал-Абад облусунда, 21 — Ош облусунда, 16 — Ысык-Көлдө, 12 — Чүйдө, 9 — Баткен облусунда, 8 — Нарын облусунда, 5 — Талас облусунда жана үчөө Ош шаарында катталды. Коронавируска чалдыккандардын алтоосу — медкызматкер.

Акыркы сутка ичинде коронавирустан 341 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Алардын ичине 120сы Бишкекте, 64 — Жалал-Абад облусунда, 42 — Ош шаарында, 29 — Баткен облусунда, 27 — Ысык-Көлдө, 26 — Ош облусунда, 24 — Чүйдө, бешөө Нарын облусунда жана төртөө Талас облусунда катталды. Айыккандардын бирөөсү — медкызматкер.

Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда коронавирус жуктуруунун 43 023 учуру катталып, алардын ичинен 36 397си айыгып чыкты. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, илдеттен каза болгондордун саны 1056 адам, бирок бир жума мурун эле бул саны кыйла көп болчу — статистикадан 400дөн ашуун учур алынган.

Ведомство коронавирусу тастыкталган маркумдардын 29%ынан көбү башка оорудан улам каза болушкан деген чечимге келген. Мурдараак Саламаттык сактоо министрлиги илдеттен каза болгондордун санын ДССУнун эрежеси боюнча кайра эсептеп чыгарын билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму патология бар болсо дагы өлүмгө башкы себепкер — дал гана коронавирус деп эсептейт.