БШКнын мүчөсү парламенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетти

Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы 24-августта маалымдагандай, Назарали Арипов парламенттик шайлоого катышуу үчүн комиссиянын мүчөлүгүнөн кетти.

БШКнын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Арипов шайлоого «Республика» саясий партиясы менен барууну пландап жатат. Ал 2010-жылы шайланган бешинчи чакырылышта ушул партия менен Жогорку Кеңешке өткөн.

Арипов эмгек жолун жеке ишканаларда иштөө менен баштаган, ал эми 1994-жылы ал дүң соода-сатык боюнча компанияларда жетекчилик кызматтарда иштеген. 2007-жылы саясатка келген. Анда Арипов Ош шаардык кеңешинин депутаты болуп, эки жыл иштеген. Кийин парламентке келгенге чейин ММКФнын Ош шаары боюнча аймактык башкармалыгын жетектеген.

Ариповго Маевка айылынын тургундары нааразы болушкан. Алар 2020-жылдын май айында экс-депутатка каршы митингге чыгып, аны жерлерди мыйзамсыз басып алган жана дыйкандарга иштегенге тоскоол болуп жатат деп айыпташкан. Арипов буга эч кандай реакция кылган эмес.

Парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өтөт. Партиялар талапкерлердин тизмесин каттоого керектүү документтерди кагаз жана электрондук түрдө 24-августка чейин БШКга бериши керек.

Комиссия документтерди 4-сентябрга чейин текшерип, каттайт. Дал ушул күнү үгүт иштери башталып, 3-октябрга чейин созулат. 9-июлга карата шайлоого катышуу ниетин 44 партия билдирген, бирок 24-августта бул тизме 22ге чейин кыскарган.

Шайлоонун алдында өлкөдө саясий күчтөрдүн орун алмашуусу башталды: партиялар биригип, партиянын лидерлери отставкага кетип, ал эми Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары шайлоого катышуу үчүн партияларды алмаштырып жатышат.