COVID-19дан дагы 292 бейтап айыкты — алардын дээрлик жарымы Бишкектин тургуну

Иллюстративдик сүрөт

Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 26-августта коронавирустан 292 бейтап айыкканын кабарлады. Айыккандардын арасында үч медицина кызматкери бар.

Илдеттен айыккандардын аймак боюнча көрсөткүчү:

Бишкек – 137;

Ош облусу – 30;

Ысык-Көл облусу – 30;

Жалал-Абад облусу – 29;

Баткен облусу – 29;

Чүй облусу – 20;

Талас облусу – 8;

Нарын облусу – 8;

Ош шаары – 1.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19дан 37 217 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын дээрлик 86 пайызын түзөт — алардын ичинде 2 390 медкызматкер бар.

Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 43 358ге жетти. Илдет 1 058 кишинин өмүрүн алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.