Цитокиндик бороон — бул кооптуу сезгенүү реакциясы. Ал реакция учурунда организм өзүнүн клеткаларын жана ткандарына чабуул жасап баштайт. Кыргызстандын саламаттык сактоо системасында дагы ушуга бир аз окшош окуя болду. Өлкөдө коронавирус инфекциясы күч алып, күн сайын жүздөгөн адамдар ооруга чалдыгып, дагы ондогон бейтап кайтыш болуп жатты.

Тез жардам бөлүмүнүн диспетчерлери ооругандардын кайрылууларына алы жетпей жатты. Жүздөгөн адамдар тез жардамдын келишин күтүп жатканда, бийлик медиктер бригидасына келген оорчулукту азайтуу үчүн шашылыш түрдө күндүзгү стационарларды ачып жатты.

Бирок коронавирус кыргызстандыктарды бириктирди. Жөнөкөй жарандар ыктыярчы болуп, дарыгерлерге жардамга келишти. Көп учурда көчөдө эс учун жоготуп, врачтардын келишин күтүп жаткандарга дал ошол ыктыярчылар жардам беришти.

Журналисттерибиз эпидемиянын очогунда болуп, ошол күндөрү Бишкекте болгон окуяларды видеого тартып алышты.

Авторлору:

Александра Титова, Бекжан Асылбеков, Эржан Бейшеналы уулу, Рустам Халимов