Акыркы суткада коронавирус 125 адамда аныкталды

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде коронавирус инфекциясы 125 адамда аныкталды.

Алардын ичинен 31 адам Жалал-Абад облусунда, 30 Бишкекте, 23 Баткен облусунда, 13 Ысык-Көл облусунда, 12 Ош облусунда, 8 Чүй облусунда, 6 Талас облусунда, эки адам Ош шаарында жана бирөө Нарын облусунда катталды.

Коронавируска кабылгандардын үчөөсү — медицина кызматкерлери. Алардын ичинен экөө Жалал-Абад облусунда жана бирөө Бишкекте катталды.

Акыркы суткада оорудан жалпысынан 247 бейтап айыкты, анын ичинен 129 адам Бишкекте катталды.

Өлкө боюнча акыркы сутка ичинде айыккан бейтаптардын 34ү Баткен облусунда, 21и Жалал-Абад облусунда, 18и Ысык-Көл облусунда, 15и Ош облусунда, 13ү Ош шаарында, 11и Чүй облусунда, төртөө Нарын облусунда жана экөө Талас облусунда катталды.

Айыккан бейтаптардын арасынан бешөөсү медиктер.

Пандемия башталгандан бери коронавируска чалдыккандардын саны 43 712 адамга жетти. Алардын ичинен оорудан жалпы 37 973 бейтап айыгып, 1058 адам каза тапты. Мурдараак коронавирустан каза болгондордун саны көбүрөөк болчу, статистикадан дээрлик 400 адамдын өлүмү тууралуу маалымат алынган. Саламаттык сактоо министрлиги алардын өлүмүнө башка оорулар себеп болгон эсептейт, бирок ведомство статистиканы Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун стандарттары ылайык кайра эсептеп чыгууну убадалаган — ал стандарт боюнча, адам өлүмүнүн башкы себеби коштолгон оорулар эмес, дал гана коронавирус болуп эсептелет.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.