Сүрөт: Улуттук энергохолдиң

Жалал-Абад облусунда 1-сентябрда маанилүү иш-чара өттү, тактап айтканда, Жазы-Кечүү айылы электр тармактарына туташтырылды. Улуттук энергохолдиңдин маалыматына ылайык, айылда 150 үй-бүлө жашайт, элеттин өзү болсо жетүүгө кыйын болгон аймакта жайгашкан.

«Бул айыл төрт тарабынан тоолор менен курчалып, жетүүгө кыйын болгон аймакта жайгашкан. Райондук борборго жетүү үчүн 110 километр аралыкты басып өтүү керек. Жол тоонун боорунда жайгашып, аянычтуу абалда. Кеч күздө жана кышында жаан-чачындын айынан райондук борборго баруучу жол толук жабылат», — деп жазат Улуттук энергохолдиң.

Алгачкы электр зым тирөөчтөрү айылда 6-июлда «Жалалабадэнергонун» күчү жана каражаты менен коюлуп, сентябрь айына карата толугу менен электр энергиясы менен камсыздалып, трансформатор орнотулду. Үйлөрдүн бардыгы электр энергиясына туташтырылды. Барууга кыйын болгон айылды электр энергиясы менен камсыздандырууга 25 млн сом сарпталган.

Кечиккен жарык

Бул иш-чара айылды электр энергиясы менен камсыздоого багытталган биринчи эле жолку аракет эмес. Биринчи жолу айылды электр энергиясына кошуу аракети 1993-жылы жүргүзүлүп, электр берүү чубалгыларын тартуу иштери башталган, бирок СССР кулагандыктан бул иштер токтоп калган. Ал эми 2017-жылы да айылды электр энергиясына кошуу аракети болуп, бирок долбоор 204 млн сомго бааланып, иш жүзөгө ашпай калган.

Кыргызстанда электр энергиясы жок ушундай төрт айыл бар, алардын үчөөсүнө 2019-жылы күн кубатынан электр энергиясын чыгаруучу жабдыктар берилген. 2020-жылы Баткен облусундагы Зардалы айылына дагы электр энергиясын өткөрүү пландалууда.

Электр энергиясы — жаңы жашоо үмүтү

Электр энергиясын өткөрүү айыл тургундары үчүн бакыт жана жаңы жашоого үмүт.

«Свет келсе жаңы жашоо эми башталат. Мектепке электр тогу жетсе, балдарыбыз компьютерде иштегенди үйрөнмөк», — деп айткан жергиликтүү аксакал Эрмамат Калмаев электр энергиясы өткөрүлгөнгө чейин.

Ал үйүндөгү зымдарды текшерүүнү пландап жаткан болчу, себеп дегенде электр жарыгы жок болгон жылдары бардыгы эскирип, сымдардын чукул туташуусу чыгып кетээринен корккон.

«Айылыбызга электр энергиясы келип калса, жашоо башка нукка өзгөрмөк. Үйгө кир жуугуч машина, муздаткыч жана чай кайнатуучу меш алабыз деп ниеттенип турабыз», — деп айтып берген «Азаттыкка» элеттин дагы бир тургуну Анаркан Кадыркулова. Ал үйдө сыналгы пайда болсо балдарынын акыл-эси өсөөрүнө, ал эми тиричилик кылуу ыңгайлуу болот деп үмүттөнөт.