Бир суткада коронавирус дагы 78 кишиден аныкталды — жалпы 44 036 учур катталды

Республикалык штаб 2-сентябрга карата коронавирустун жаңы 78 учуру катталганын кабарлады, алардын 12си лабораториялык жактан тастыкталды.

Жаңы учурлардын аймактар боюнча көрсөткүчү:

Бишкек шаары — 23;

Жалал-Абад облусу — 13;

Баткен облусу — 12;

Ысык-Көл облусу — 11;

Чүй облусу — 10;

Нарын облусу — 5;

Ош облусу — 3;

Ош шаары — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 246 бейтап айыкты. Айыккандардын арасында 13 медкызматкер бар — алардын тогузу үй шартында дарыланган.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 137 . Ошондой эле, Жалал-Абад облусунда — 31, Ысык-Көл облусунда — 25, Баткен облусунда — 19, Ош облусунда — 11, Ош шаарында сегиз, Чүй облусунда жети, Талас жана Нарын облустарында төрттөн бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 44 036га жетти. Алардын ичинен 38 895 бейтап айыгып, 1 060 киши көз жумду.

Учурда COVID-19га чалдыккан 670 бейтап ооруканада дарыланып жатат. Мындан сырткары 4 799 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.