Видео: Блогер Өзгөн РИИБдин унаасынын каптал терезеси караңгылатылганын мыйзамсыз деп атады

Соцтармактарда «Не сахар» берүүсүнүн алып баруучусу, блогер жана «Реформа» партиясынан парламенттик шайлоого талапкер Эрулан Кокуловдун Ош облусунун Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгына кирүүгө аракет жасаган видеосу жарыяланган. Анда журналист Өзгөн РИИБге караштуу унаанын терезелери кайсы мыйзамдын негизинде караңгылатылганы боюнча суроого жооп алууну каалаган.

Кокулов менен сүйлөшкөн милиционерлердин бири ага «бул атайын кызматтык унаа» деп жооп берген. Бирок Кокулов мыйзам боюнча милицияга караштуу унаалардын терезелери күңүрттөлбөшү керек деп билдирген.

«Кыргызстандын мыйзамы боюнча эки-үч унаага эле тонировка кылууга уруксат берилет: бул — президент, премьер-министр жана соттун [кызматтык унааларына]», — деген Кокулов.

Мындан сырткары журналист Бузуулар кодекси боюнча алдыңкы терезелерин караңгылаткан унаалардын ээлерине 5 500 сом айып пул салынаарын эскерткен. Бирок милиционер кайсы мыйзамдын негизинде атайын унаалардын терезелерин караңгылатууга болоорун түшүндүрө алган эмес.

Мыйзам эмне дейт?

Бажы биримдигинин техникалык регламенти унаалардын алдыңкы жана каптал терезелерин 30 пайызга чейин караңгылатууга жол берет. Эрежени бузган айдоочулар мыйзам боюнча айып пулга жыгылып калышы мүмкүн — жеке жактарга 5 500 сом, юридикалык жактарга 17 миң сом каралган.

Ошол эле мыйзамда бул ченем «атайын автомашиналарга» жайылтылбайт деп жазылган. Аталган «атайын унаалардын» тизмесине президент, премьер-министр, парламенттин төрагасы, Жогорку соттун төрагасы жана аларды коштогон УКМКнын 9-кызматынын автотранспорт каражаттары кирет.

Ошондой эле, аталган тизмеге акча каражаттарын жана баалуу жүктөрдү ташыган унаалар да кирген.

Ал эми милиция кызматкери журналистке «атайын кызматтык унаа» деп түшүндүргөн транспорт соттолгон жана камакка алынган жарандарды ташыган автоунаа болушу ыктымал. Аталган унаалардын каптал айнектерин күңүрттөөгө мыйзам жол берет.

Бирок, Эрулан Кокулов «Клоопко» билдиргендей, аталган унаа соттолгон жана камакка алынган жарандарды ташуучу транспорт эмес.

«Бул райондук ички иштер башкармалыгынын кадимки эле унаасы. Автозактардын терезесин караңгылатып алса болот, бирок ал автозак эмес, болгону РИИБдин унаасы. Милиция камакка алынган жарандарды алып барбайт да. Аларды [Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын] аскерлери же УКМКнын кызматкерлери коштоп жүрөт», — деп түшүндүрдү Кокулов.

Бул окуя боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.