«Биримдик» сайтына «Единая Россияга» таандык маалыматты жайгаштырды

Биримдик партиясы birimdik.org сайтында Орусиянын мыйзамдарына шилтеме берүүдө. Кыргызстандыктар партия тууралуу бөлүмдөн жана ага кантип кошулууга болот деген кичи бөлүмдөн Орусиянын мыйзамдарына шилтеме берилгенин байкашты.

«Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар, сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык партиянын мүчөсү боло алышпайт», — деп жазылат сайтта.

«Биримдиктен» бул техникалык ката деп жооп беришти.

«Ката сайтты сынамык түрдө толтуруп жатканда кетип калган. Ал иштей элек кезинде мунун баары кандай көрүнөөрүн билүү үчүн толтурулган жана тилекке каршы сайт иштеп баштагандан кийин да ошол ката калып кеткен», — дейт партиянын басма сөз катчысы Адилет Султаналиев.

Партиянын сайтындагы ката соцтармактарга жайылып кеткенден кийин партия жөнүндөгү бөлүм сайттын башкы бетинен жоголуп кетти. Ал арада «Биримдиктин» сайтындагы маалымат Орусиянын «Единая Россия» партиясынын сайтынан алынганы ырасталды.

Анда мындай деп жазылган: «Чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдар, сот тарабынан жөндөмсүз деп табылган Орусия Федерациясынын жарандары, ошондой эле Орусия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык партиянын мүчөсү боло алышпайт».

«Биримдик» бийликчил партия деп аталып, аны ага-ини Жээнбековдор менен байланыштырышат — президент Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек бул партиянын атынан шайлоого аттанган. Ошондой эле партияда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосундагы жаңжал учурунда учурдагы өлкө башчысын колдогон мурдагы социал-демократтар бар.

«Единая Россия» Орусиядагы эң ири партиялардын бири. Ал «бийликчил» деп саналат. Партия 2001-жылы түзүлгөн. Орусиянын президенти Владимир Путин өлкө башчылыгына келгенге чейин аталган партиянын лидери болгон.

Каталар жана копипаст

Кыргызстанда кээде расмий документтерде да башка өлкөлөрдүн мыйзамдарына шилтемелер, ал эми жаңы мыйзам долбоорлорунда — башка мыйзамдардан толук же жарым-жартылай копипаст кездешет.

Мисалы, 30-апрелде парламенттин депутаты Каныбек Иманалиев премьер-министрди жана өкмөттү өзгөчө абал учурунда иш-аракеттерди жандандыруу боюнча кабыл алган чечимие сындаган . Ал жарлыктын тексти коңшу Казакстандан көчүрүлгөн деп эсептеген.

Ошол эле мезгилде кыргызстандыктар өкмөттүн 2020-жылдын 22-мартындагы №93 буйругун скриншот кылышкан. Анда Кыргызстандын ордуна Казакстан, ошондой эле өзгөчө абалдын ордуна өзгөчө кырдаал жөнүндө сөз болгон. Кийинчерээк буйрук оңдолгон.

Бирок өкмөттүн басма сөз кызматынан расмий сайтта Кыргызстандын аталышы туура эмес көрсөтүлгөн деген маалымат «чындыкка дал келбейт» деп билдиришкен. Алар скриншоттун авторунун смартфону текстти автоматтык түрдө которуп, Кыргызстанды Казакстанга алмаштырган деп божомолдошкон.

Парламенттин депутаттары каникулга кетээрден мурда катары менен жактырган эки чырлуу мыйзам да плагиатка толгон.

Депутат Бактыбек Райымкулов бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө жөнүндөгү мыйзамын Орусияныкынан көчүрүп алган. Плагиат Гүлшат Асылбаева тарабынан демилгеленген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам долбоорунан дагы табылган — ал Орусиянын жана Кыргызстандын эски мыйзамдарынан жарым-жартылай көчүрүп алынган. Асылбаеванын кесиптеши Айнура Осмонова плагиат табылгандан кийин, фактчекерлерди сот менен коркутуп, мыйзамды Орусияныкынан көчүрүлүп алынганын четке каккан.