Алина Печёнкинанын «Клооп» үчүн иллюстрациясы

2015-жыл менен 2020-жылдын аралыгында Red Petroleum май куюу бекеттер түйүндөрүнүн ээси Акылбек Маматов мунайзат ташууга 3900дөн ашуун мамлекеттик келишимдерди түзүп, андан 1 млрд сомдон ашуун пайда көргөн. Ошентип ири мунайзат импорттоочулардын бири өлкөгө мунай өнүмдөрүн ташыган экинчи адамга айланган.

Анын эмнеси бар экен деген суроо жаралышы мүмкүн, бирок бир маанилүү жагдай бар: бизнесмендин атасы — парламенттин депутаты Абдимуктар Маматов. Ал Жогорку Кеңеште экинчи ирет депутат болуп отурат. Учурда отун-энергетика боюнча тармактык комитетинин мүчөсү.

Кыргызстандын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамы аткаминерлердин туугандары менен депутаттарга тендерлерге катышууга тыюу салат. Бирок «Клооптун» дата-бөлүмүнүн программисттери мамсатып алуулар порталынын базасын, юридикалык жактардын реестрин, мамкызматкерлердин жана парламентарийлердин декларацияларын салыштырып көрүп, мыйзамдын бул жобосу дайыма бузулуп келерин аныкташты.

ШНОСтон кийинки эле лидер

Акылбек Маматов 2014-жылдын октябрынан бери эле мамсатып алууларга катышып келет. Ага таандык «Биорг Ойл» компаниясы 2015-жылдын июлунан тарта декабрга чейин тендерлерден 60 жолу жеңген, алардын жалпы суммасы 15 млн сомдон ашат.

Андан кийин бир аз тыным алган. Бул убакыт ишкердин атасы Абдимуктар Маматов шайлоодо тизме боюнча өтпөй калып парламентте кресло тийбей калган учурга туш келген. Ошентип ал 2016-жылдын башында гана Жогорку Кеңештин VI чакырылышына илинип, мандатын тапшырган партиялашы Жоомарт Сапарбаевдин ордуна келген — андан кийин эле тендерлерди Акылбек Маматовдун дагы бир башка «Альфа Ойл» компаниясы жеңе баштаган.

«Альфа Ойл» тендерлерге 2015-жылдын декабрынан бери катышат, бирок алгачкы беш айда утулуп турган, ал эми 2016-жылдын апрелинен 2020-жылдын августуна чейин 1 млрд сомдон ашык суммага күйүүчү май жеткирип берүүгө 3800 келишим түзгөн.

Ошол эле учурда келишимдердин жарымы түздөн-түз түзүлүп турган: атаандашы жок тооруктарда 254 млн сом өздөштүрүлгөн. Ошентип, биздин күйүүчү-майлоочу материалдарды мамлекетке жеткирип берүүчүлөрдүн рейтингинде Маматов экинчи орунга чыкты.

Акылбек Маматовдун ийгилигин түшүндүрүп берсе болот: ага таандык «Биорг Ойл» жана «Альфа Ойл» компаниялары Орусиядан мунай өнүмдөрүн ташыган ири импортчулар. Ал компаниялар өлкө боюнча 100дөн ашык май куюу бекети жайгашкан Red Petroleum менен кызматташат. Red Petroleum өзүн «жалгыз улуттук май куюучу жайлардын тармагы» деп атап келет.

Бирок Акылбек 10 жылдан бери Жогорку Кеңеште отурган атасы Абдимуктар Маматовдун жардамысыз мамлекеттин катышуусунда бизнес жүргүзүүдө ийгиликтерге жете алат беле, тажрыйбалуу мунайчыга айланат беле?

Депутаттын баскан жолу

Абдимуктар Маматовдун катардагы кызматкерден баштап ийгиликтүү ишкердикке чейин басып өткөн өмүр баяны бар. Ал аттестат алгандан кийин үч жыл колхоздо жана айылдык мектепте иштеп, андан соң Москвадагы мунайзат химиялык институтуна жөнөп, ал жерден инженер механик адистигине ээ болгон.

Кыргызстанга кайтып келгенден кийин «Ошгаз» ишканасында башкы инженер болуп эмгектенген, андан кийин Таш-Көмүр мунайзат базасынын директору болуп дайындалган. Маматов 1991-жылы Жалал-Абад облусундагы Мамлекеттик мунайзат өнүм ишканасын жетектеп, 1996-жылы «Кыргыз Петролиум Компани» кыргыз-канада биргелешкен ишканасынын башкы директору болгон. Бул компания инвесторлордун акчасына курулган мунайды кайра иштетүүчү заводдо нефть чыгарып аны кайра иштеткен.

Маматов 2006-жылы нефть жана нефть продукцияларын импорттоо менен алектенген Жалал-Абаддын «Мунайзат» Жабык акционердик коомунун (ЖАК) директорлор кеңешин жетектей баштаган. Арадан он жыл өткөн соң анын бизнес боюнча мурдагы өнөктөшү Таабалды Каратаев Маматовду рейдерлик басып алууга айыптаган.

Каратаевдин айтымында, «Мунайзатты» 1993-жылы ишкерлер тобу түзгөн. Ал топтун арасында Маматовдун жубайы Турдухан Абилова дагы бар. Бирок, 1998-жылы ишкананы кайра каттатуу учурунда акциялардын контролдук пакети Акылбек Маматовдун колуна өтүп кеткен. Кийин ал бардык өнөктөштөрүн үлүштөрдөн ажыратып, компаниянын жалгыз ээси болуп калганы жана андан кийин ишкананын мунайзат базасын арзан баада туугандарына сатканы ашкереленген.

«Мунайзаттын» активдерин (Каратаевдин баалоосу боюнча, 2010-жылы алардын баасы 640 млн сомду түзгөн) өткөрүп алган «Петрол Групптун» өкүлдөрү 24.kg басылмасына мүлктү сатып алуу толугу менен мыйзамдуу болгонун түшүндүрүп беришкен. Алардын айтымында, «рейдерлик» тууралуу айтып чыккан Каратаевге Кыргызстанда жана Орусияда алдамчылык фактысы боюнча бир нече кылмыш иши козголгон, ал эми өзү болсо ишкананын өнөктөштөрүнө 6 млн долларга чукул акча карыз болуп, ошондон улам компаниядагы үлүшүнөн кол жууп калган. Бул версияны «Клооп» менен маектешүүдө Абдимуктар Маматов өзү да бышыктап берди.

Маматов Жалал-Абадда бир нече жолу жергиликтүү кеңешке депутат болуп шайланган, ал эми 2010-жылы «Ата Мекен» партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болгон.

Ал парламентте иштеп жатканда жигердүү мыйзам чыгаруучу катары байкалган эмес. Депутаттын расмий барагында ал демилгелеген төрт гана мыйзам долбоору жазылган.

Анткен менен Маматов отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча тармактык комитетке кирип, ал жактан эксперттик укуктары менен пайланып чет элдик компаниялардын Кыргызстандын мунайзат рыногуна экспансиясына каршы чыгып жүргөн. Көбүнесе ал орусиянын мунайзат тармагындагы гигантынын туунду компаниясы «Газпром Нефть Азиянын» монополиясын кеңейтүүгө каршы пикирлерин айткан. Бул компания уулунун мамлекеттик сатып алуулардагы негизги атаандашы болуп эсептелет. Бирок «Клоопко» курган маегинде Маматов анын каршы пикирлери Кыргызстан мурдагы СССР өлкөлөрү, Өзбекстан, Тажикстан жана Беларуска салыштырмалуу кымбат сатып алып жаткан орус газынын бааларына гана тиешелү болгонун белгиледи.

Эч ким жашырбаган бизнес

Абдимуктар Маматов дагы деле кайра катталган «Мунайзат» ЖЧКсынын негиздөөчүсү болуп саналат. Уюмдун негизги ишмердиги «дүң адистештирилген эмес соода-сатык» деп көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, ал депутат болуп турганда дагы төрт компаниянын ээси жана энчилеш ээси болгон:

  • «Пазилат» ЖЧКсы, ал азык-түлүк, суусундук жана тамеки буюмдарынын дүң соода-сатыгы менен иштейт. Депутат бул фирмага Талайбек Алиев менен бирге ээлик кылат;
  • «Баткен Петрол» ЖЧКсы, авиациялык жана автоунаа майларын сатат. Ошондой эле, ал Таабалды Каратаев менен бирге 2017-жылга чейин учурда жок кылынган «Баткен Петролиум» ЖЧКсына (Batken Petroleum) ээлик кылган. Каратаев аны «Мунайзатты» басып алууга жана кайра сатууга айыптаган;
  • «Дом быта» ЖЧКсы, өзүнүн жеке кыймылсыз мүлкүн жалдоого берип иштейт.

ЖМКлар депутат бизнесин жылдык декларациясына кошпой атканын бир нече жолу айтып чыгышкан. Ошол эле учурда депутат бизнесин жашырбай келет. Мисалы, Абдимуктар Маматов 2018-жылга карата декларациясында 1 млн 162 миң сом гана тапканын, ал эми аянты 256 жана 137 чарчы метрди түзгөн эки үйү «Пазилат» жана «Баткен Петрол» компанияларын ишенимдүү башкаруусунда экенин көрсөткөн. Ал жерде «Мунайзат» ЖЧКсына таандык Toyota Land Сruiser 200 үлгүсүндөгү машинасы да бар.

Депутаттын жакын туугандары 2018-жылы 190 миң сом эле иштеп тапкан. Үй-бүлө 137 чарчы метрлик батирге ээлик кылат.

Бирок, Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, Маматовдун үй-бүлөсүнө жыйырмага чукул компания таандык. Акылбек Маматов мамлекеттик сатып алууларга катышкан «Альфа Ойл» жана «Биорг Ойл» компанияларынан тышкары ар кайсы убакта көптөгөн фирмалардын негиздөөчүсү жана директору болгон. 2020-жылдын августуна карата анын фамилиясы 15 юридикалык жактын түзүүчүлөрүнүн документтеринде кездешет, алардын жетөөсү ишмердигин токтоткон.

Ал эми 2012-жылы болсо Абдимуктар Маматов Жогорку Кеңештин депутаты кезинде УКМК анын уулу Акылбек аткезчилик менен мунайзат ташып жүргөнүн айтып чыккан. Бирок эл өкүлүнүн уулу бул иштен жеңил кутулган: ал болгону мамлекетке келтирилген 22 млн сом өлчөмүндө зыянды төлөп тим болгон. Ошондой эле, ЖМКда Акылбек Маматовдун май куюу бекеттеринин айланасындагы бир катар ызы-чуулар да ачыкка чыккан: Red Petroleum май куюу бекеттер түйүндөрү майды кем куюуга айыпталган.

Мыйзам бар, кылмыш жок

Маматовду декларацияда бизнес тууралуу толук эмес маалымат үчүн да, мунайзат рыногунда үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын сүрөмөлөгөнү үчүн да жоопкерчиликке тартуу чынында мүмкүн эмес. Анткени, мыйзамда тиешелүү беренелер бар, бирок аларды бузгандар үчүн кандай жаза каралганы эч жерде жазылган эмес.

Мурдараак, Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү кодексте декларацияны туура эмес толтургандыгы үчүн аткаминерге же депутатка айып пул салууну мүмкүн кылган норма бар болчу. Бирок 2019-жылдын январында күчүнө кирген жаңы редакцияда ал жоголуп кеткен. Декларация тапшырбагандар үчүн жеке жактар жана аткаминерлер үчүн бирдей штраф каралган — 1000 сом.

Мамлекеттик келишимдер тууралуу айта турган болсок, анда Кыргызстандын Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү мыйзамында «Кызыкчылыктар кагылышы» деген №6 берене бар, пункттардын бири буларды билдирет: «Сатып алуучу уюм түзүүчүлөрү жана (же) катышуучулары саясый мамлекеттик, саясый муниципалдык кызмат орундарын, атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлеп турган адамдар жана алардын жакын туугандары болуп саналган берүүчү (подрядчы) менен сатып алуулар жөнүндө келишимди же алкактык макулдашууну түзө албайт». Жогорку Кеңештин депутаты — саясий кызмат.

Бирок ушул эле пунктта көрсөтүлгөндөй, сатып алуучу уюм жеткирип берүүчүдөн аффилирленүүнүн жоктугу тууралуу кат түрүндөгү арызды талап кылууга укуктуу.

Кыргызстандын Каржы министрлигинин позициясы анык: «Кызыкчылыктар кагылышы» беренесине туш болгон компаниялар тооруктарга катышпашы керек. Бирок иш жүзүндө сатып алуучу уюмду жоопкерчиликке тартуу дээрлик мүмкүн эмес.

«Сатып алуучу уюмдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн мыйзамда каралган кызыкчылыгы бузулду делген мамлекетке же башка жактарга зыяны тийген бузуунун өзүн жана зыянды аныктап белгилеп алуу керек», — деп түшүндүрөт юрист Фатима Якупбаева. — Мамлекет же көзөмөл органы сатып алуучу уюм катары чыгып аткандан кийин зыян тууралуу билдириши күмөн. Ошондуктан мындай фактылар боюнча атаандаштардын бири арызданышы керек.

Бирок, «Альфа Ойл» компаниясынын тендерлерде мыйзамга ылайык келбеген катышуусуна даттануу көз карандысыз ведомстволор аралык комиссияга түшө элек.

«Кандай гана болбосун мамлекеттик тооруктарга катышкан компаниянын ээси Жогорку Кеңештин депутатынын уулу болуп атканы текшерүү жүргүзүүгө себеп болуп бериши керек. Ушул сыяктуу кылмыштар УКМКнын ыйгарым укуктарына кирет», — деп жыйынтыктады юрист.

Ал эми Абдимуктар Маматов өзү уулунун бизнеси тууралуу жана ал мамсатып алууларга жигердүү катышып атканын билбейм деп ишендирет.

«Мен [депутаттык] ишмердигимдин чегинен чыккан жокмун, — деп түшүндүрөт Маматов. — Мен аффирленген тарап эмесмин, [мамлекеттик сатып алуулар боюнча] комиссиянын мүчөсү болуп эсептелбейм, [мамлекеттик сатып алуулар боюнча комиссиянын] чечимдерге таасир эте албайм».

Ал эми депутат Маматов өзү негиздөөчү болуп аткан компанияларга токтолсок, эл өкүлүнүн айтымында, ал компаниялар ишенимдүү башкарууга берилген. «Мыйзам ага тыюу салбайт», — деп ырастайт парламентарий.

Маматов мындан ары Жогорку Кеңешке ат салышпайт, 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин бизнеске кайтып келиши мүмкүн. «Дагы көрө жатарбыз, [бизнеске барар-барбасымды]. Жашым да келип калды… Эгер бизнес тынч болсо, балким, дагы иштейм. Чакан фермердик чарбачылык кылгым келип жүрөт. Өзүм үчүн уй, тоок багуу дегендей», — деди ал.

Акылбек Маматов «Клооптун» суроолоруна жооп берген жок.

Видео: Арсений Мамашев

Иллюстрация: Алина Печёнкина

Текст: Екатерина Резникова

Фактчек: Метин Жумагулов

Редакторлору: Элдияр Арыкбаев жана Бектур Искендер

Графалык база менен иштөө: Хаким Давуров

Программисттер: Алексей Гуляев, Анна Бойко, Атай Нарынов

Которгондор: Алмир Алмамбетов, Кайрат Замирбеков

Жетекчиси: Ринат Тухватшин

Иллюстрация: Алина Печёнкина

Материал «Сорос-Кыргызстан» фонду тарабынан каржыланган «Көз карандысыз журналистиканы өнүктүрүү» долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Материалда айтылган ой-пикирлер жана тыянактар фонддун көз карашын билдирбейт.