Бишкек милициясы ак илбирстин терисин сатууга шектелген адамды кармады

Бишкек ШИИББи: Ак илбирстин териси

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы ак илбирстин терисин мыйзамсыз сатууга шектелген адам кармалганын билдирди. Тинтүү учурунда 20 жаштагы баланын спорттук сумкасында ак илбирстин териси табылган.

«Аталган факт КЖБРге Жазык кодексинин “Мыйзамсыз аң уулоо” беренеси боюнча катталды. Ал сурактан кийин кайра келүүгө милдеттендирилип коё берилди», — деп билдиришти ШИИББдин басма сөз кызматынан. Учурда милиция кылмышка тиешеси бар шектүүлөрдү издеп, ак илбирстин терисинин чоо-жайын аныктап жатат.

Кыргызстанда ак илбирсти атууга тыюу салынган — бул үчүн лицензия да берилбейт.

Ак илбирс Кыргызстандын «Кызыл китебине» сейрек кездешкен жаныбардын түрү катары киргизилип, ал эми аны атуу үчүн 1,5 млн сом штрафка жыгуу жазасы каралган. Экологдордун эсеби боюнча, жалпысынан дүйнө жүзүндө 3,5 миң илбирс бар, алардын болжолдуу 500ү Кыргызстанда.

Ак илбирс 1997-жылы «жоголуу коркунучунда турган жаныбардын түрү» катары Кызыл китепке киргизилген.