Кыргызстанда COVID-19дан айыккандардын саны 40 миңден ашты — жалпы 44 526 учур катталды

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова 8-сентябрга карата коронавирустун жаңы 68 учуру катталганын кабарлады. Жаңы учурлардын 19у лабораториялык тастыкталган.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 16;

Бишкек шаары — 13;

Ош облусу — 11;

Жалал-Абад облусу — 8;

Ысык-Көл облусу — 8;

Талас облусу — 7;

Чүй облусу — 4;

Нарын облусу — 1.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 198 бейтап айыгып, бир киши каза болду.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Бишкек шаарында катталды — 84. Ошондой эле, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 33төн, Чүй облусунда — 12, Ысык-Көл жана Ош облустарында 11ден, Нарын облусунда жети, Ош шаарында төрт жана Талас облусунда үч бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын саны 44 526га жетти. Алардын ичинен 40 158 бейтап айыкты — бул жалпы оорулуулардын 90 пайызы. Мындан сырткары COVID-19дан 1 062 киши көз жумду.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 551 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 2 627 киши үй шартында дарыланууда.

Андан сырткары Ош облусунда бир медкызматкерден коронавирус инфекциясы аныкталды. Ал эми өткөн суткада 21 медик коронавирустан айыкты — алардын 17си үй шартында дарыланган. Жалпысынан COVID-19ду 3 158 медик жуктуруп, алардын 2 600ү оорудан сакайган.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.