Журналист Арген Бактыбек уулу апрелде ыктыярчылардын тобу менен бирге өлкөнүн түштүгүнө барып келген. Ал «Клоопко» курган маегинде врачтар коронавирус жуктурган бейтаптарды дарылоодо кандай көйгөйлөргө кабылганын айтып берди.

Коронавируска жада калса ооругандар да ишенген жок. Биз өлкөнүн түштүгүнө коронавирус тууралуу жакшы биле элек убакта бардык. Врачтар адамдарга көптөгөн нерсени түшүндүрүүгө аргасыз болушту, анткени маалымат аздыгынан алар коронавируска ишенишкен эмес. Кыргызстандыктарда ишенбөөгө негиз бар эле, анткени бул оорудан каза болгондор жок болчу. Ошондуктан врачтар бейтаптарга алар өздөрү билбеген нерсени түшүндүрүү оор болгон. Адамдар өз божомолдорун айтып, кандайдыр бир түшүндүрмө ойлоп табууга аракет кылышкан.

Мени ооруп айыккандардын окуялары таң калтырды, көбү коронавирустун бардыгына ишенбей, аны сасык тумоо деп ойлошкон.

Сузак районунда бир окуя болду. Биз оору жуктурган бейтап менен сүйлөшүп жатканбыз. Ал Сауд Арабиясынан келип, учактан чыкканда катуу шамал болуп атканын айтып берди. Ал адам шамалдан улам суук тийген деп ишенип алган.

Ал киши врачка даам жана жыт сезбей калганын айтканда, врач бул тек гана коронавирус деп жооп кайтарды, бирок ал баары бир деле ишенбей койду.

Биз медиктерди ичинен сыздатып жаткан кыйынчылыкты көрдүк. Ала-Букада медициналык топтун кызматкерлери менен сүйлөшүп жатып, ошол кыйынчылыкты сездик. Кайра-кайра кайталанма жумушту аткарган кадимки үй-бүлөлүк врачтар тез арада кесибин медициналык топтун кызматкерлерине алмаштырууга аргасыз болушкан.

Алар очокторго барып, оору жуктургандар жана байланышта болгон адамдар менен баарлашуусу керек болду. Врачтардын биринен пандемиядан кийин эмне кылаарын сурадык. Ал көз жашын тыя албай ыйлап жиберди — ошол кыйынчылыкты көрдүм. Буга чейин деле врачтар менен сүйлөшкөндө жайдары эле жүргөндөй таасир калтырган, бирок чындыгында ичинен абдан сыздап жүрүшкөн.

Айрымдары балдарын көрө элек болчу, себеби кызыл тилкеде иштеп жүргөндөр ал жерде бир жума болушат, андан кийин обсервацияда жатып чыгышы керек болгондуктан дароо үйлөрүнө бара алышкан жок.

Мобилдик бригадалардын кызматкерлери жумуш оор болуп атканын, анткени кандайдыр бир түшүнүксүз нерсе менен алпурушуп, ал эми айрым бейтаптар аларга ишенбей жатканын айтып кейишти. Көптөгөн адамдар врачтар жөн эле ары-бери безеленип, эч нерсе кылбай эле жүрүшөт деп ойлошкон.

Өкмөт оору жуктуруп алган врачтарга 200 миң сом кенемте берилерин жарыялагандан кийин медкызматкерлердин көбүн акча алыш үчүн атайылап оору жуктуруп алып жатышат деп айыптай башташкан.

Мунун баары врачтардын психологиялык абалына терс таасир берип турган. Аларга эки эсе кыйын болду — алар жакындарын көрбөй жумалап иштегени аз келгенсип вируска ишенбеген бейтаптардын аларды “пайда көздөп жатышат” деген айыптоолору ого бетер жандарын кыйнады окшойт.

Үйлөргө илинген такта жана стигматизация. Сауд Арабиясынан келип COVID-19 менен ооруган адамдардын көбү той өткөрүүгө үлгүрүшкөн. Оору жуктургандар көбөйүп, андан корко башташкан, ошондуктан жергиликтүү бийлик COVID-19 аныкталгандардын үйлөрүнө такчаларды иле баштаган. Андай жазуулар көп деле илинген эмес, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары адамдар бири-бирине барганын токтотушу үчүн оору жуктурганардын үйүн кандайдыр бир белгилеп коюуга аракет кылган.

Тактадагы жазууларды көргөндө бул куугунтукка алып келиши мүмкүн деп ойлодум. Себеп дегенде Сауд Арабиясынан келгендерден оору аныкталганы тууралуу биринчи маалымат пайда болгондо айрым кыргызстандыктар динчил адамдарды “коронавирусту алып келишти” деп айыптап, куугунтук башталып кеткен.

Такта илүү адамгерчиликке жатпайт деп ойлогом, бирок коронавируска ишенбеген адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин жергиликтүү бийлик эмне үчүн ал кадамга барганын түшүндүм.

Сүрөт: Арген Бактыбек уулу

Контрибьютор: Ислам Розиев