Окуучуларды үй шартында окуткан мугалимге билим берүү министрлиги дөмөөрчүлөрдүн жардамы менен ноутбук алып берет. Бирок бул көйгөйдү чечпейт.

Баткен районунун чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектептин башталгыч класс мугалими 2-сентябрда окуучуларын үйүндө окуткан. Маалыматка ылайык, ата-энелер окуучулар менен болгон кайтарым байланышты жакшы түшүнбөй жатканын айтып, мугалимге көмөктөшүүнү суранышкан.

«Мугалим окуучуларды үйүнө чакырып, кайтарым байланыш каражаттарын практика түрүндө көрсөтүп берген. Сабак 15 мүнөткө созулган жана андан бери педагог кайтарым байланышты аралыктан өтүп келүүдө», — деп ишендиришти министрликтен.

Аталган чек ара аймагында байланыш абдан начар болгондуктан интернет жакшы тартпайт. Бул өз кезегинде балдардын аралыктан билим алуусун бир топ кыйындатат. Мугалимге ноутбук сатып берген менен окуучуларга онлайн сабак өтүү маселеси чечилбейт. Ошол эле маалда, Кыргызстандын телеканалдары да жакшы тартпагандыктан окуучулар видеосабактарды дурустап көрө алышпайт.

Коронавирус пандемиясынан улам Кыргызстанда мектеп окуучулары 4-чейректи дистанттык түрдө окушту. Андан сырткары жаңы окуу жылында бир гана 1-класстын окуучулары мектепке барып, калгандары окууну аралыктан улантышууда.

Бирок мындай ыкма ата-энелер жана мугалимдер арасында бир топ нааразычылыктарды жараткан. Ошондой эле, сабак өтүүдөгү техникалык мүчүлүштүктөр менен алардын жетишсиздиги дагы ортого чыккан.

Мисалы, телевидениеден берилген видео сабактарды көрүү үчүн бардык эле окуучулардын үйүндө телевизор болгон эмес. Андан сырткары мугалим берген тапшырмаларды аткарып, аларды кайра жиберүү үчүн уюлдук телефон менен интернет байланышына муктаждык күчөгөн. Өз кезегинде интернет өлкөнүн бардык аймагында тартпагандыктан жана ар бир ата-эне балдарын телефон менен камсыз кыла албай тургандыгы да байкалган.

Телесабактар КТРКнын «Баластан» жана ЭлТРдин «Илим жана билим» каналдарынан берилип жатат. Бул сабактар oku.edu.gov.kg порталында да жеткиликтүү. Кайтарым байланыш Zoom жана WhatsApp тиркемелери аркылуу уюштурулууда.