Эрмек Нургазиев. Сүрөт: Барс Медиа

Кыскача:

Учурда «Кыргызстан» партиясынан шайлоого аттанып аткан бизнесмен Эрмек Нургазиев менен адвокат Ольга Новохатскаянын ортосундагы жаңжал бир жыл мурда болгон. Нургазиев аны көптөгөн күбөлөрдүн көзүнчө бетке чапкан. Новохатская бизнесмен кол көтөргөн учурда кош бойлуу болгонун жана андан улам боюнан түшүп калганын, бирок укук коргоо органдары Нургазиевди жоопкерчиликке тартышпаганын айтууда.

2020-жылы Новохатская Нургазиев парламенттин депутаттыгына талапкер болуп жатканын угуп, анын кол көтөргөнү тууралуу коомчулукка ачык айтып берүүнү чечкен. Нургазиев кол көтөргөнүн танган жок, себеп дегенде чаап жиберген учурдун видеосу да ачыкка чыккан. Бирок ал «чагымга жооп кайтарып рефлекс менен чаап алганын», ал эми аял бул тууралуу «антипиар жасоо» үчүн айтып берип жатканын билдирүүдө. Ошондой эле, ал журналисттерге Новохатскаяны алдамчы деп атап, шайлоодон кийин ага чара көрөрүн кошумчалады.

Кеңири:

Ольга Новохатская — сотто «Альянс Курулуш Плюстун» үлүшчүлөрүнүн кызыкчылыктарын коргоп жаткан адвокат. Курулуш компаниясынын башчысы Максим Альянов алдамчылыкка айыпталып, камакка алынган.

«Альянс Курулуш Плюстун» аягына чыкпаган турак жайын Нургазиевдин «ЭММА Строй» компаниясы куруп бүтүргөн, Новохатскаянын айтымында, ал сапатсыз бүтүрүлгөн. Мындан тышкары, адвокат акчасын 100% төлөгөн үлүшчүлөрдөн кошумча акча төлөөнү сурап, эгер кошумча төлөшпөсө батирлерди сатып жиберишээрин айтышканын кошумчалады.

*Бул тууралуу февралда басма сөз жыйында үлүшчүлөрдүн бири айтып чыгып, Нургазиев батирдин курулушу үчүн төлөгүсү келбеген үч-төрт адам ага каршы чыгып жатканын айтып көшөргөн.

Новохатская 2019-жылы 7-сентябрда курулушчу Эрмек Нургазиев менен чырдаша кетип, ал аны бетке чаап салган. Видеодон Нургазиев Новохатскаяны бет тушка чапканын көрүүгө болот.

Новохатская медэкспертизага таянып алты айлык боюнда бар болгонун жана кол көтөрүүдөн кийин боюнан түшүп калганын айтууда. Ошоной эле, ал угуусу 30%га начарлаганын кошумчалады.

Ал милицияга кайрылган, бирок анын айтымында, бир жылда иш ордунан жылган эмес. Ал коркутууларга даттанып, иш кайра өзүнө козголуп калышы мүмкүн деп кабатырланууда. Адвокат Нургазиев шайлоого баратканын угуп, чыр тууралуу ачык айтып берүүнү чечкен.

Нургазиев адвокат аялды чапканын танган жок. Бирок ал адвокат биринчи кол салгандыктан аны «рефлекс» менен чаап алганын айтып, Новохатскаяны чагымга айыптоодо.

«Алар камераны атайын даярдап алып, чагым кыла башташты. Бир кезде ал мени бетке чапты, мен рефлекс менен аны бетке чаап алдым», — деди Нургазиев.

Ал адвокат аялды алдамчы деп атап, Новохатская парламенттик шайлоого карата атайын «антипиар» баштады деп кошумчалады. Ошондой эле депутаттыкка талапкер адвокаттын ден соолугума зыян тийди деген маалым каттарынан күмөн санады.

«Бир жыл өттү, алар видеону сактап алып, монтаждап, кесип, анан парламентке баратканымды угуп фейк аккаунттар менен видеону жайылта башташты», — деп эсептейт ал.

Нургазиев Новохатскаянын алдамчы экенин «күбөлөндүргөн кагаздар» бар экенин кабарлады. Ал «Kaktus. media» басылмасына шайлоодон кийин адвокатка киришерин убада кылган. Ал эми «Фрунзе ТВга» адвокатты алдамчылык ишмердикке текшертүү үчүн органдарга кайрылып, ар-намысы менен кадыр-баркын коргоо үчүн аны сотко берерин убадалаган.

«Мен муну буйрутма деп эсептейм. Алар мага жана партияга антипиар жасап жатышат», — деди талапкер.