Ысык-Көл облусу үчүн үстүбүздөгү жыл түйшүк алып келген жыл болду. Себеп дегенде облустун тургундары жайкысын конок үйлөрүн жана пансионаттарды иштетип, балык жана азембелектерди сатып, тапкан киреше менен кайра кыштан чыгышчу. Бирок, тилекке каршы, пандемия турсезонду күткөн көлдүктөрдү бул жалгыз кирешесинен да ажыратып койду.

Негизи жыл сайын июнда башталган сезон был жылы августта гана башталды — өлкөдө коронавирус жуктуруунун туу чокусу жайдын кызуу убагына туш келди.

Ысык-Көлгө жыл сайын жайкысын млнго чукул адам, анын ичинде кумдуу жээк гана эмес, жөө туризми, экстремалдык спорт жана жаратылышты эңсеген чет элдик туристтер да келип турат.

Пандемиянын айынан чек араларды жабуу чет элдиктерди Ысык-Көлгө келүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты, ошондуктан ал жакта кыргызстандыктар гана эс алды. Маморгандардын болжолдуу эсеби боюнча бул жылы Ысык-Көлгө болгону 150 миңге чукул гана адам барган.

«Таптакыр бош болду», — деп бул тасманын каармандары айтып беришти өздөрүнүн конок үйлөрү жана капчыктары тууралуу. Коронавирустун пандемиясы көлдүктөрдүн кирешесин 90%га азайткан.

Коронавирус жуктуруу коркунучунан улам көптөгөн конок үйлөрүнүн, кафе жана ресторандардын ээлери иштерин жанданта да алышкан жок, ал эми баштагандары чоң тобокелдикке барышты.

«Кышында кыйналаарыбыз анык, эптеп-септеп жан багаарбыз», — деди тасманын каармандарынын бири.

Ал эми видеонун дагы бир каарманы «кирешелер нөлгө» барабар, «салыктар кандай бар болсо, ошол бойдон кала берди» деп жагдайын түшүндүрдү.