Видео: Ошто балдардын тобу курсташын сабады. Милиция шектүүлөрдү кармады

Ош шаарында 10-сентябрга караган түнү Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрдын алдында топ балдар бирөөнү сабап жаткан видео тарады.

Окуя байкоочу камерага түшүп калган. Ал жерде көрүнүп тургандай, үч жаран дүкөндөн чыгып, экөөсү жабырлануучуну сабап баштаган. Көп өтпөй, окуя болгон жерге дагы үч бала келип, шектүүлөр менен кошо баланы тепкилешкен. Таяк жеген бала качууга аракеттенип, шектүүлөр аркасынан куушкан.

Тасманы жарыялаган Тима Умаров анын иниси Нургазыны белгисиз жарандар сабагандан кийин, чечиндирип тоноп кеткенин айткан.

«Ош шаарында биздин инибиз Нургазыны 5-6 бала белгисиз себептер менен ур-тепкиге алып, күчкө салып, зордоп унаасына салып түштүк каналга алып барып өлтүрөбүз деп коркутуп, бүт кийимдерин чечим жыңалачтап, акчасын тоноп таштап кетишкен», — деп жазган ал.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуяга катышкан алты баланын ким экени аныкталганын билдирди — алардын төртөө колго түштү. Калган эки жаранга издөө жарыяланды. 

«Андан сырткары [шектүүлөр жабырлануучуну] шаар четине машина менен алып чыгышып, 4500 сом акчасын, кийимдерин тоноп алгандыгы белгилүү болду. Жабырлануучуну урган балдар мас абалда болушкан. Тергөө иштеринин алгачкы жүрүшүндө бул жаш жигиттердин ортосундагы конфликт өз ара кызганычтан, бир кызды талашуудан келип чыккан.», — деп Ош ШИИБден билдиришти.

Укук коргоо органдары «Ээнбаштык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.