Кыргызстандын Орусиядагы экс-элчиси жана Кыргыз диаспорасынын Москвадагы координациялык кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуров «Правда.ру» басылмасына маек курду.

Маектин биринчи бөлүмү «Орусия Кыргызстандын тажрыйбасын колдоно алабы?» деген аталышта 10-сентябрда жарык көргөн.

Эки мамлекеттин өз ара мамилелерин талкуулап жатып Аттокуров Кыргызстан — орус тили расмий конституциялык тил макамына ээ болгон мурдагы СССР республикаларынын арасындагы жападан-жалгыз өлкө деп белгилеген.

«Эл өзү буга макул болуп атат. Анан калса биздин Евразиялык экономикалык биримдикте болуубуз, албетте, көптөгөн багыттарда оң таасир этүүдө. [...] Тарыхый тагдыр бизге бирге болууну маңдайыбызга жазган экен. Көптөгөн кылымдар бою — биргебиз», — деген экс-элчи.

Мындан тышкары, Аттокуров бүгүнкү күндө жада калса көптөгөн кыргыздарда республикалардын бири катары Орусиянын курамына кирүү үчүн Орус Федерациясына кайрылуу жөнүндө ойлору пайда болууда деп билдирген.

«Бул жерде да диаспоралык коомчулуктун арасында ушундай маселе жаралып, талкууланып да жатат. Албетте, муну дароо жана тез эле кыла койгон болбойт. Менин көз карашым боюнча, буга сөзсүз түрдө барыш керек, себеп дегенде жашоо өзү бизди биримдикке түртүп жатат», — деген ал.

Маектин 12-сентябрь күнү «Кыргызстандын Орусиянын курамына кирүүсү менен СССР-2 башталабы?» деген аталышта жарык көргөн бөлүмүнүндө Аттокуровго Кыргызстан Орус Федерациясына кошулгандан кийин Советтер Союзу калыбына келе башташы мүмкүнбү же жокпу деген суроону узатышкан.

Экс-элчи буга кийинки биригүү башка форматта башталышы мүмкүн деп жооп узаткан.

«Биздин эл дүйнөдөгү жана биздин мейкиндиктеги бүгүнкү кырдаалды, бизге дос беларус эли менен эмне болуп жатканын эске алышы керек. Беларуста бул өөрчүп жана бүлүнүүгө алып келбей, батыш күчтөрүнө көз каранды болууга алып келбей, оң ракурста тынчып, Евразиялык экономикалык биримдиктин өнүгүшүнө таасир этпейт деп үмүт кылабыз», — деди ал.

Орусияга кошулуу тууралуу маселе көп талкууланабы?

Экс-элчинин «Правда.руга» курган маеги соцтармактарда резонанс жаратып, кызуу талкууларды жаратты. Соцтармактардын колдонуучулары экс-элчини сепаратизмге айыптап, Кыргызстанда республиканын Орусиянын курамына кирүүсүн так кесе ким талкуулап атканын тактап берүүсүн талап кылышты.

Кийинчерээк Раимкул Аттокуров бул маселе «жеке адамдар тараптан турмуштук деңгээлде талкууланып атканын» тактап, ошондой эле бул жеке анын пикири эместигин, коомчулуктун пикири экенин кошумчалады. Анын айтымында, Орусияга кошулуу маселесин көтөрүү мүмкүнчүлүгү тууралуу ага мекендештер кеңеш сурап кайрылышат.

«Ар кандай социалдык катмарлардын диаспоралык коомчулуктар арасында биз Орусияга кошула алабызбы же жокпу деген суроо көп айтылат. Биз буга жалпы чек араларыбыз жок, бул мүмкүн эмес деп түшүндүрөбүз. Биз 6 млн адамдан ашык калкы бар мамлекетпиз жана аны сакташыбыз керек. Биз жер шарындагы дүйнөлүк цивилизациянын бир бөлүгүбүз. Дүйнөдө саны боюнча өтө көп болгон эл бар, алар мамлекеттүүлүккө ээ эмес. Бул байыркы элибиздин эң маанилүү кенчтеринин бири», — деди ал.

Ал өзүнүн жеке пикирин билдиришинче, «биз көзкарандысыз мамлекетпиз жана көзкарандысыз болуп калууга колдон келишинче аракет кылабыз».

Бул тактоодон кийин «Кыргыз биримдиги» уюмунун төрагасы Абдыганы Шакиров 14-сентябрда билдирүү жасап, Москвадагы кыргыз диаспорасы Аттокуровдон Кыргызстандын Орусияга кошулуусу тууралуу кайсыл коомдук уюмда талкууланганын тактап берүүсүн өтүнүп атканын билдирди.

Анын айтуусу боюнча, бир дагы кыргыз уюмунда Кыргызстандын башка өлкөгө кошулуусу тууралуу сөз болгон эмес жана болбойт дагы.

«Курган маегинде ал диаспоралык коомчулуктун арасында мындай маселе жаралып, талкууланат дейт. Так кесе кайсыл уюмда? Тактап айтсын да, антпесе бул жеке пикирин таңуулагандык болуп калууда. Биз Раимкул Аттокуров Орусияда жашап аткан кыргыздардын атынан мындай темаларда сөз кылууга укугу жок деп эсептейбиз. Ал Кыргызстандын көзкарандысыздыгын көбүрөөк баалай билиши керек экен», — деди Шакиров.

Уюмдун төрагасынын айтымында, Орусиядагы кыргызстандык мигранттар жана атуулдар республиканын көз карандысыздыгына зыян тийгизбестен эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин бекемделишин каалайт.

«Экономикалык мамилелерди өнүктүрүү үчүн бизде ЕАЭБ бар, ал жакка беш өлкө кирет. Ал эми Кыргызстандагы кандайдыр бир саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды жеңип чыкса болот. Өлкөбүз мындан да кыйын убакытты баштан өткөргөн», — деп белгиледи Шакиров.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги да 15-сентябрда экс-элчи Раимкул Аттокуровдун айткандарына реакция жасап, «мындай сөздөр үчүн эч кандай олуттуу негиздер жок» деп белгиледи.

«Элчилик Раимкул Аттокуров Россия Федерациясынын жараны экендигин жана ал өзүнүн жеке пикирин билдиргендигин баса белгилейт. Кыргызстандын жетекчилиги мамлекетибиздин эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн сактоо жана улуттук кызыкчылыктарын коргоо боюнча бекем саясий багыттагы иш алып барып жаткандыгын өзгөчө белгилеп кетебиз», — деп билдиришти дипломатиялык өкүлчүлүктөн.

Мындан тышкары, элчилик коомчулукту жана диаспоралык уюмдардын лидерлерин мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян тийгизиши мүмкүн болгон чагым кылуучу ачык билдирүүлөрдөн карманууга чакырды.

Кыргызстан жана Орусия

Кыргызстан 60 жылдан ашуун убак СССРдин курамында болгон. Бирок Союз кулагандан кийин өлкө көзкарандысыздыкка ээ болгон. Анткен менен Кыргызстандын бийлиги, анын ичинде өлкөнүн бардык президенттери баш болуп, Орусияны дайыма стратегиялык өнөктөш деп атап келишет.

Кыргыз бийлигинин Орусияга жан тартуусу өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке киришине алып келди. Кыргызстандын өкмөтү интеграциянын өлкөнүн экономикасына тийгизген пайдасы тууралуу билдиргенине карабастан, эксперттер дайыма ЕАЭБге кирүүнүн терс кесепеттери тууралуу айтып келишет. Көп учурда ЕАЭБдин башка мүчө-өлкөлөрү кыргыз өнүмдөрүн басып жатканы тууралуу сөз болот — фермерлер жана азык-түлүк өндүрүүчүлөр товарларды Казакстан менен Орусиянын базарына экспорттоо барган сайын оорлоп баратканын айтып даттанышат.

ЕАЭБ айрым бир деңгээлде Орусияда жүргөн кыргыз мигранттарынын абалын жакшыртты, себеп дегенде алар аталган өлкөдө жумушка орношуу үчүн көп документ чогултпай калышкан. Анткен менен Орусияда кыргыз мигранттары абдан көп болгондуктан Кыргызстан Орусиянын экономикасына тийген бардык экономикалык өзгөрүштөрдөн көз каранды болуп калган. Бул жерде кеп Кыргызстандын ИДПсынын 30%дан ашуунун түзгөн мигранттардын акча которуулары жөнүндөн болууда, себеби ар бир экономикалык өзгөрүү мигранттардын акча которууларынын кыйла төмөндөшүнө алып келет.

Өлкөлөрдүн ортосундагы мамиледе, өзгөчө Казакстандын латын алфавитине өтүшүнүн шартында да тил маселеси бир нече жолу көтөрүлгөн. Ал кезде Кыргызстандын бийлиги орус тилинин макамы өзгөрбөсүн билдирген болчу.