Мурдагы саламаттык сактоо министри Чолпонбаев изоляторго киргизилди — ЖМК

Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Бул тууралуу бир нече кыргыз басылмалары жеке маалымат булактарына таянып кабарлашты. Чолпонбаев алдын ала коронавируска текшерилип, андан оору табылбаганы кабарланууда.

ШИИББден «Клоопко» кабарлашкандай, иш боюнча комментарий бере алышпайт, анткени аны Финпол жүргүзүүдө. Ал эми Финполдон кийинчерээк маалымат берүүнү убада кылышты.

Аткаминер 15-сентябрь күнү кечинде кармалды. Ал пандемия маалында кызматтык абалынан кыянат пайдаланууга жана шалаакылыкка шектелүүдө. Финпол Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө рентабелдүү эмес келишим түзүп, мамлекетке 9 млн сом зыян тийгизген деп эсептейт.

Финпол март айында эле ведомствонун кызматкерлери тарабынан айрым фармкомпаниялардын кызыкчылыктарын сүрөмөлөө жана коррупция болгон деп иликтөө баштаган. Бул иш боюнча июлда Чолпонбаев суракка чакырылган болчу.