«Пенсияны көтөрөбүз, дары-дармек жетет». Боронов COVID-19дун кайра тутанышына даярдык тууралуу

Премьер-министр Кубатбек Боронов 15-сентябрда өткөн брифингде өкмөт COVID-19дун кайра тутанышына кантип даярданып жатканы тууралуу айтып берди. Кыргыз адистеринин божомолунда экинчи толкун ноябрда башталышы мүмкүн. Бороновдун айтымында, бийлик оорукана курууга, дары-дармектерди сатып алууга, ал тургай пенсиялык төлөмдөрдүн өлчөмүн көбөйтүү боюнча ойлонууга үлгүрө алды. «Клооп» анын айткандарынын негизгилерин келтирет.

Ооруканалар жара дары-дармектер тууралуу

Бороновдун айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги коронавирусту дарылоого керектүү дары-дармектер жана медкаражаттардын тизмесин жаңыртылып, 65 аталыштагы дары-дармектин камы даярдалууда жана бүгүнкү күндө анын ичинен 27 түрү сатылып алынган.

«15-сентябрга карата дарынын 27 түрү боюнча 85 млн сомго сатылып алынды. Дары-дармектер дарыканаларда жетиштүү, кийинки алып келүүлөр 15-сентябрдан тартып (бүгүндөн) белгиленген», — деди ал.

Ошондой эле Боронов өкмөт эгер жуктургандардын саны кескин өсүп кете турган болсо деп бейтаптар үчүн орундуктарды даярдап койгонун белгиледи.

*Катаал чектөөлөр иштеп жаткан убактын баш-аягына чейин бийлик бейтаптар үчүн оорукана койкаларын жана кошумча стационарларды ачып даярданууга үлгүргөн эмес. Натыйжада, пандемия күч алып турган мезгилде, айрым бейтаптар, жардам алууга үлгүрбөй ооруканалардын босогосунда көз жумган учурлар катталган. Андан кийин өкмөт убактылуу — күндүзгү жана түнкү стационарларды ачууга аргасыз болгон. Аларда COVID-19дун жеңил формасы менен ооруган бейтаптар кабыл алынган. Пандемияга каршы күрөштө ыктыярчылар да салымын кошкон, алар бейтаптардын үйүнө каттап жардам көрсөтүп турушкан, бул ооруканалардын жүгүн жеңилдетүүгө өбөлгө түзгөн.

«Жаңы пландалган 12 оорукананын жетөөсү толук бүттү, медициналык жабдуулар, аппаратар менен жабдылып, жакында ишке бериле баштайт», — деди Боронов.

Пенсияларды көбөйтүү тууралуу

Боронов 1-октябрдан тарта пенсиялык төлөмдөрдүн базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү жогоруларын билдирди. Пенсия канча сомго көбөйөөрү жарандын алып жүргөн пенсиясынын өлчөмүнө көз каранды болот.

  • өлчөмү 4286 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго өсөт;
  • өлчөмү 4286,7 сом же андан көп болгон пенсиялар эң аз дегенде 360 сомго өсөт.

Бороновдун айтымында, мындай жол менен пенсиялар орточо эсеп менен 397 сомго өсөт, ал эми пенсиянын орточо өлчөмү 6 061 сомду түзөт.

Пенсия 689 миң пенсионер үчүн көбөйөт. Бул үчүн республикалык бюджеттен 75,2 млн сом, ал эми Пенсиялык фонддон 752,6 млн сом бөлүнөт.

COVID-19 менен күрөшкө кеткен чыгымдар тууралуу

Бороновдун айтымында, жалысынан коронавируска каршы күрөшкө мамбюджеттен 5,2 млрд сом кеткен. Дагы 338 млн $ эл аралык институттардын түшүп, анын 207 млн $ колдонулган.

«107,7 млн доллар COVID-19га каршы күрөшүүгө жумшалды. Бул каражаттар коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жоюу, калктын аз камсыз болгон катмарына пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө, муктаж болгондордун азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-аш азыктарын камсыз кылуу, ошондой эле дарыгерлерге, мугалимдерге жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акыларын төлөө, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө байланыштуу чараларды каржылоого жумшалды», — деп билдирди ал.

Бороновдун маалыматына ылайык, калган 100 млн $ ишкерлерге кредит катары берилген.

«Бул кайтарымдуу кредит. Бул алынган каражатты 10 жылдын ичинде ишкерлер аркылуу кайтарып берүүгө мүмкүнчүлүгүбүз болот. 130,3 млн доллар – пайдаланыла элек. Бул каражат Улуттук банктагы Борбордук казынанын эсептеринде турат», — деп белгиледи Боронов.