Бекешев: Депутаттык мандат партлидердин маанайынан көз каранды

Депутат Дастан Бекешев «Азаттыкка» курган маегинде саясий партиялар өз талапкерлерин башкаруу үчүн жаңы ыкма ойлоп тапканы тууралуу айтып берди. Анын айтымында, партиялар фракциянын позициясына макул эмес болгон талапкерлердин пайда болуусун алдын ала алат.

Депутаттыкка талапкер фракциядан кетүү тууралуу арызын алдын ала жазып коёт. Эгер ал парламентке өткөндөн кийин партиянын пикирине каршы чыга турган болсо, анда аны чыгарып салышат.

«Мисалы, мен депутат болдум дейли, бирок бир нерсени туура эмес айтып алсам же эртең менен партия лидеринин маанайын сурабай калып таарынтып алсам, ал мени каалаган күнү кетире алат», — деди Бекешев.

Бекешевдин түшүндүрмөсү боюнча, арыздар сейфте сакталып, аларга каалаган убакта күнүн коё алышат, өз кезегинде бул — депутатты ыңгайлуу учурда кууп салууга мүмкүндүк берет.

Парламенттин акыркы чакырылышында депутаттарды фракциялардын чыгарган учурлар болгон. Мисалы, КСДП фракциясынан Жанар Акаевди чыгарышкан. Бул эл өкүлү сөз эркиндигин коргоо маршына чыккандан кийин эле дароо болгон. Марш ошол учурда президенттик тактыда отурган Алмазбек Атамбаев тарабынан ММКларга каршы бир катар доо арыздар берилгенден кийин өткөн. Келерки шайлоого Акаев «Ата Мекен» партиясынан аттанууда.

Ошондой эле «Өнүгүү Прогресс» фракциясынан да үч депутат куулган — Тазабек Икрамов, Камчыбек Жолдошбаев жана Алмаз Жутанов. Мындай чечимге «интрига» жана «туура эмес маалымат таратуу» себеп болгон. Келе жаткан шайлоого «Өнүгүү Прогресс» катышкан жок.

Жумшак рейтинг

Мурдараак Бекешев «жумшак рейтинг» жөнүндө айтып берген.

«Шайлоочулардын шаарлардан айылдарга жана кайра айылдардан шаарларга орун которуусу “жумшак” рейтинг себебине байланыштуу болууда. “Жумшак” рейтинг — бул талапкердин ишенип берилген участкасында добуштардын айрым бөлүгүн чогултуу милдети. Эгер талапкер добуш чогулта албаса, анда ал мандатын “ыктыярдуу” тапшырып берет», — деп жазган ал фейсбукта.

Бекешевдин айтымында, ага парламентке өтө ала турчу «ири партиядан» талапкерлигин коюуну сунушташкан, бирок ал сунушталган шарттардан улам баш тарткан. Ал өзү «Реформа» партиясын ачык колдоп, бирок шайлоого катышуудан баш тарткан.

Бекешев парламентке эки жолу депутат болуп шайланган — биринчисинде, 2010-жылы «Ар-Намыс», экинчисинде, 2015-жылы КСДП партиясынан.