АКШ кыргызстандыктар үчүн студенттик визаны эки жылга гана бериши мүмкүн

Америка иммиграциялык кеңешинин саясий кеңешчиси Аарон Рейклин-Мельник өзүнүн твиттердеги баракчасында АКШнын Ички коопсуздук министрлиги (DHS) Кыргызстандын жарандары үчүн студенттик визанын мөөнөтүн чектөө сунушун карап чыгарын жазды.

Чектөө киргизүү тизмесине Кыргызстандан сырткары Сирия, Түндүк Корея, Ирак, Өзбекстан, Түркмөнстан, Молдова жана Жакынкы Чыгыш, Африка ж.б. өлкөлөрү кирген.

DHS отчетуна ылайык, бул тизмедеги өлкөлөрдөн кирген жарандардын 10%ы виза мөөнөтү бүткөндөн кийин деле өлкөдөн чыкпай, калып калышат.

Андан сырткары, терроризмдин мамлекеттик демөөрчүлөрү деп табылган өлкөлөрдүн жарандарына жана E-Verify колдонгон же аккредитациясы жок ЖОЖдордо окугандардын студенттик визасы эки жылга гана жарактуу болот.

Сунушталган эрежеге ылайык, тизмедеги өлкөлөрдүн жарандары жана ошол аймактан келгендер жогорку окуу жайлардын төрт жылдык окууну талап кылган (бакалавриат) даражасына ээ боло алышпайт, анткени студенттик визасы эки жылга гана жарактуу болот.

Ошол эле учурда, эки жылдык визага ээ болгондор окуусун аягына чыгаруу үчүн АКШ аймагынан эле, же өз өлкөсүнө барып виза алуу үчүн кайра документ тапшырса болот. Бирок сөзсүз виза берилет деп эч ким кепилдик бербейт - ал кымбатка түшкөндүктөн виза берүүдөн баш тартылышы мүмкүн.

Аарон Рейклин-Мельник бул чараны «жамааттык жазалоо» деп атады.

Болжолдуу эрежелердин «Чет элдик маалыматтык ЖМК өкүлдөрүнүн, алмашуу-коногу, иммигрант эмес студенттердин кабыл алуу жана туруу мөөнөтүнө так убакытты белгилөө» деп аталган толук документ АКШ Федералдык Реестринде 25-сентябрда жайгаштырылган.

Ага ылайык, азыркы тапта катардагы студенттер, тажрыйба алмашуу үчүн келген студенттер, чет элдик ЖМКлардын өкүлдөрү АКШга белгиленген убакыт аралыгына эмес, иммиграциялык эмес визасынын шарттарын толук сактаган убакытка гана кире алышат.

«Мындай макамда чет элдиктер АКШда узак убакыт жүрө алгандыктан, АКШнын Жарандык жана иммиграция кызматы (USCIS) жана Бажы-чек ара кызматы (CBP) бул адамдар макамын сакташарын же көйгөй жаратышарын биле алышпайт», — деп жазылган билдирүүдө.