Өлкөдө коронавирустун дагы 158 жаңы учуру катталды

Иллюстративдик сүрөт

Республикалык штабдан 26-сентябрда коронавирустун жаңы 158 учуру катталганын кабарлашты. Анын ичинде 7 медкызматкер бар.

Аймактар боюнча:

Баткен облусу — 43;

Жалал-Абад облусу — 34;

Ош облусу — 22;

Бишкек шаары — 22;

Чүй облусу — 12;

Ысык-Көл облусу — 11;

Ош шаары — 8;

Нарын облусу — 3;

Талас облусу — 2.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 155 бейтап айыкты. Анын 18и медкызматкерлер.

COVID-19дан айыккандардын 38и Бишкек шаарында. Ошондой эле, Ош облусунда — 37, Ысык-Көл облусунда — 21, Жалал-Абад облусунда — 21, Баткен облусунда — 21, Чүй облусунда — 7, Нарын облусунда — 5, Ош шаарында — 4 жана Талас облусунда — 1 бейтап сакайып, ооруканадан чыгарылды.

Ушуну менен Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 46 090го жетти. Алардын ичинен 42 302бейтап айыгып, 1 063 киши көз жумду.

Ал эми cаламаттык сактоо министрлиги илдеттен 71 медкызматкер каза болгонун моюндады.

Бүгүнкү күндө 658 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле, 1 619 киши үй шартында дарыланууда.