Бишкектен өлкөнүн түштүгүнө врачтар жөнөтүлөт. Алар коронавирустун эпидкырдаалын изилдейт

Премьер-министр Кубатбек Боронов Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарына COVID-19дан улам эпидемиологиялык кырдаалды изилдөө үчүн Бишкектен врачтарды жөнөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Бороновдун айтымында, аталган облустарда коронавирустун кырдаалы «тынчсыздандырууда». Врачтардын тобун саламаттык сактоо министринин орун басаы Мадамин Каратаев жетектейт.

«Учурда Бишкек шаарындагы кырдаал салыштырмалуу тынч, ошондуктан күчтү кооптонууну жараткан аймакка жумшоо керек. Баткен облусундагы абалды жакшыртуу жана оорулуулардын санынын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүү зарыл», — деди Боронов.

Врачтардын тобу облустардагы кырдаалды талдап, аймактарда ооругандардын санынын өсүшү эмнеге байланыштуу экенин аныкташат.

Өкмөт башчы жарандардын инфекция жуктурганы үчүн жоопкерчиликти облус башчылары тартаарын кошумчалады.

«Эгерде кандайдыр бир маселе чыгып, кыйынчылыктар жаралса, элдин массалык түрдө оорушуна жеткирбей токтоосуз түрдө Республикалык ыкчам штабга кайрылуу керек», — деп кошумчалады өкмөт башчысы.

Соңку аптада Кыргызстанда коронавируска чалдыккан жаңы учурлардын саны көбөйгөнү байкалууда. Ошондой эле жаңы учурлардын саны Баткен облусунда да көбөйүүдө. Республикалык штаб алгач ал жакта бир катар чектөөлөрдү киргизип, бирок кийин жарандардын кайрылуулары боюнча кайра алган болчу.

Буга карабастан облустагы текшерүүлөр базарларда санитардык эрежелер бузулуп, жарандардын үйлөрүндө массалык иш-чаралар өтүп атканын аныктоодо. 26-28-сентябрда 1 036 объект текшерилип, эреже бузгандарга 193 миң сом штраф салынган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 30-сентябрга карата республика боюнча COVID-19га чалдыккандардын саны 46 669 адамга жетти. Пандемиянын башынан бери 42 879 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылган. Коронавирустан жалпы 1 064 адам каза тапкан.