Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 147 учуру катталды — жалпы 46 669 учур

Республикалык штаб 30-сентябрда коронавирустун жаңы 147 учуру катталганын маалымдады. Инфекцияга кабылгандардын арасында 12 медициналык кызматкер бар. Жаңы катталган учурлардын 56сы лабораториялык тастыкталган

Аймактар боюнча:

Жалал-Абад облусу — 41 (6 медкызматкер);

Ош облусу — 34;

Бишкек шаары — 19 (3 медкызматкер);

Баткен облусу — 17;

Ош шаары — 13 (3 медкызматкер);

Ысык-Көл облусу — 11;

Чүй облусу — 10;

Талас облусу — 2.

Мындан сырткары өткөн суткада илдеттен 118 бейтап айыкты — алардын арасында 16 медицина кызматкери бар.

Коронавирустан айыккандардын эң көбү Ош облусунда катталды — 51. Ошондой эле Баткен облусунда — 24, Ысык-Көл облусунда — 14, Бишкек жана Ош шаарларында сегизден, Жалал-Абад облусунда алты, Чүй облусунда төрт, Нарын облусунда эки жана Талас облусунда бир бейтап сакайып, ооруканалардан чыгарылды.

Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19га чалдыккан бейтаптардын саны 46 669га жетти. Алардын ичинен 42 879 бейтап оорудан айыкты — бул жалпы оорулуулардын 91 пайызы. Ошондой эле коронавирус 1 064 кишинин өмүрүн алды — алардын ичинде 83 медкызматкер бар.

Бүгүнкү күндө коронавирустан 819 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат. Ошондой эле 1 455 киши үй шартында дарыланууда.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.