Нуржигит Кадырбеков коррупцияны ооздуктоо үчүн өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады

«Ыйман Нуру» партиясынын тең төрагасы Нуржигит Кадырбеков КТРКнын 30-сентябрдагы теледебатында коррупцияны жоюу үчүн өлүм жазасын кайра алып келүү керектигин айтты.

«Билимдүү кадрлар келсе кыйратат деген менен алардын ыйманы болбосо адам кейпиндеги айбан, маңкурт менен жырткычтар чыгып жатканын» кошумчалады.

Ал ошондой эле, коррупция сот системасын дагы каптап кеткенин белгиледи.

«Ушул кезге чейин адамдын тагдырын талкалап, туура эмес чечим чыгарып, кийин ал үчүн жооп берген кайсы сотту көрдүңүз? Бир сот чечим чыгарат, кийинкиси өзөртөт, андан кийинкиси бузуп коёт. Ошон үчүн сот ар бир чечимге жооп бергидей болуш керек. Коррупия мамлекетти өлтүрөт, киши аткан, сайган адамды гана өлтүрөт. Андыктан коррупцияга кайра өлүм жазасын алып келиш керек го», — деди ал.

Кадырбеков андан сырткары парламент коррупция менен күрөшө албай турганын баса белгиледи. Анткени алар Жогорку Кеңешке аттанган партиялар азыртандан эле коррупция менен алектенип жатканына токтолду.

«Коррупция, коррупция дегенибиз менен азыркы парламент коррупция менен күрөшө албайт. Азыр эле 2 миң, 5 миңден берип ишти коррупция менен баштап жатат. “Сөзүн көрүп алдатпа, ишин көрүп ардакта” деген сөз бар. Бул өтө маанилүү... 2 миңди алган адам эртең кол коюу укугун берсе 20 млн дагы алат», — деди ал.

Кыргызстанда өлүм жазасы жокко чыгарылган. 1998-жылы ошол учурдагы президент Аскар Акаев өлкөдө өлүм жазасына мораторий киргизген. Ал мораторий 2007-жылга чейин улам жылдырылып келген. 2007-жылы 25-июнда Жогорку Кеңеш мындай жазаны мыйзам менен жокко чыгарып, эң жогорку жаза катары өмүр бою эркинен ажыратууну белгилеген. Ал эми 2007-жылы 21-октябрда кабыл алынган КРдин жаңы Конституциясында өлүм жазасы таптакыр жокко чыгарылган.